Кылчык жүндүү эчки — жергиликтүү эчкилердин эт-сүт-жүн багытындагы түрү. КМШ өлкөлөрүнүн түрдүү райондорунда асыралат. Жергиликтүү шартка мыкты көнүккөн. Чоңдугу, салмагы, жүнүнүн сапаты боюнча айырмаланат. Мисалы, Орто Азиядагы эчкилер Кавказдагыдан ирдүү келет. Түндүк Кавказ жана Чыгыш Сибирь эчкисинин жүнү кыска (3-5 см), каралжын, тыбыты агыш болот. Ар эчкиден 0,3-0,7 кг жүн кыркылып, 50-150 г тыбыт таралат. Тыбытынан түрдүү жоолук токулат. Кылчык жүнүнөн кийиз, одуракай кездеме, кыл килем, тасма жасалат. Сүт багытындагы эчкиден жылына 70-150 кг сүт саалат, сүтүнүн майлуулугу 4-6,3%. Ар жүз тубар эчкиден 110-130 улак алынат. Сойгондо 37-50% эт чыгат. Терисинен жумшак, бышык булгаары жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү