Кылым карыткан кыргыз күүлөрү

Кыргыз элдик музыкасы – элдин маданиятын, дүйнөгө көз-карашын, турмуш-тиричилигин, тарыхын этностук жана эстетикалык идеяларын чагылдыруучу баа жеткис мурас. Анын тамыры байыркы замандардан башталат. Кыргыздын музыкалык өнөрүн комузда, кыякта, темир жана жыгач ооз комузда, чоордо ооз комузда, сыбызгыда жана башка аспаптарда ойноп, күү “Камбаркан”, “Кет Бука”, “Ботой” “Кербез” “Шыңгырама”, сыяктуу кылым карыткан күүлөр бүгүнкү күнгө чейин жеткен.
Кыргыз күүлөрүндө элдин турмушундагы орчундуу окуялар, жашоо турмушту, дүйнөгө болгон көз карашты чагылдырган философиялык ой толгоолор камтылган. Кыргыздар байыртан эле күү угуп өксүгөн кейигенде арман жүрөктү эзгенде күүгө кулак төшөп, көкүрөгүн тазартышкан, рух оорусун күү менен дарылап келишкен. Чыңгыз хандын доорундагы тарыхый окуяны чагылдырган “Кет Бука” күүсү бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. “Манас” эпосунун “Жайсаң” вариантында бул күүнүн жаралыш тарыхы баяндалат.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз тили” Ош 2006.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү