Султан Кылычбек Камчы (Султанов Кылычбек Камчыевич) 1975-жылы 7-декабрда (документ боюнча 1976-жыл, 4-январь) Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы - 2 уул, 1 кыз. Электрондук эсептөөчү техникалардын өндүрүшү тармагы боюнча билим алган, финансы жана кредит бөлүмүндө экономист адистигине ээ болгон.

Ишмердүүлүк тармагы түзөтүү

  • 2002-жылы - “Супер-Инфо” гезитин негиздеген;
  • 2002-2008-жылдары - "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору;
  • 2008-2009-жылдары - ЭлТР телеканалынын башкы директорунун орун басары;
  • 2009-2012-жылдары - "Компьютер-Пресс" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти;
  • 2012-жылы - КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы;
  • 2012-2013-жылдары - КРнын Социалдык өнүгүү министри;
  • 2008-жылы - “Улуттук гезит” сыйлыгынын “Жылдын медиаменеджери” наамынын ээси;
  • 2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган;
  • 2014-жылы 19-ноябрда Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.
  • 2017-2018-жж. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси.
  • 2022-жыл - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин озгочо тапшырмалар боюнча элчиси.

Шилтемелер түзөтүү