Кылычев Мукай [11. 3. 1927, Нарын облусу, Тянь-Шань (азыркы Нарын) району, Ак-Кыя айылы — 22. 3. 1989, Нарын району, Чет-Нура айылы] — туңгуч агартуучу, Кыргыз ССРинин мадтына Эмгектери сиңирген кызматкер (1969), СССРдин (1984) жана Кыргыз ССРинин эл агартуусунун (1966) отличниги. Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтун (1951), Кыргызстан мамлекеттик педагогика институтун (1958), КМУнун тарых факультетин (1957) бүтүргөн. 1942-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Тянь-Шань районунун Ак-Кыя, Чет-Нура, Эмгекчил, Орто-Саз, Ийри-Суу, Жданов, Ленин атындагы, Ат-Башы районунун Киров атындагы орто мектептеринде мугалим жана директор болуп иштеген. Республиканын билим берүү тармагында предметтерди кабинеттик системага өткөрүү, факультативдик сабактарды уюштуруу, сабакта көрсөтмө куралдар жана техникалык каражаттар менен иштөө боюнча жаңы ыкмаларды киргизүүдө, ошондой эле Кыргызстандын тарыхын окутууда жана жаштарды тарбиялоодо эмгек сиңирген. 100дөн ашык метод. макалалары жарык көргөн. Эмгектери: Кыргызстандын тарыхы боюнча факультативдик сабактарда айрым темаларды окутуунун жолдору. Ф., 1976.

Колдонулган адабияттар түзөтүү