Кылыч чабышуу
Оюнчулардын саны 2—6 киши.
Оюн аянтчада, талаада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.
Оюнда колдонулуучу аспаптар-таяктар.
Оюнга даярдануу
түзөтүүКатышуучулар колдоруна таяктарын алышып, экиден болуп турушкандан кийин шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулар бири биринин таяктарын өз таяктары менен уруп колдорунан түшүрүүгө тийиш. Эгерде оюнчулардын бирөөсү атаандашынын таягын уруп түшүрсө орун алмашышып оюнду кайрадан каалашкан убакытка чейин улантышат. Атаандаштарынын таяктарын көп жолу уруп түшүргөн оюнчу жеңүүчү болот.
Оюндун башка түрү
түзөтүүТаяк менен таякчадан коргонуу.
Оюндун эрежеси
түзөтүүБир бирине жакын турууга, жакындоого, тоскоолдук кылууга, таяктан эки кол менен кармоого, таяктан башка жерге уруп жиберүүгө, адепсиздик кылууга болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүКүч, шамдагайлык, ылдамдыкка тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, чечкиндүүлүккө, тартипти сактоого үйрөнөт.