Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, дарактуу жерде өтөт.

Оюнда колдонуучу аспап - кыл жип.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Катышуучулар кыл жиптин бир учун даракка же устунга байлашып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Ар ким кезеги келгенде бирден кыл жиптин экинчи учунан колдору менен кармашып, бир жулкуп тартып, жипти үзүүгө аракеттенет. Оюн оюнчулардын каалоосу боюнча 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Кыл жипти тартып үзгөн оюнчу, жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Дарактын кабыгын үзмөй, кыл аркан үзмөй.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, жипти үзүүгө бирден ашык аракеттенүүгө, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Педагогикалык мааниси. Күчкө толот, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү