Кыл калем
Кыл калем (кисть) — сүрөт тартууда пайдаланылуучу жабдык. Катуу кылдуу Кыл калем (жылкы жана башка жаныбарлардын жал-куйругунан жасалат) көбүнчө май боёк менен тартууда— узун кылдуусу желим живописи менен фрескада— ал эми жумуру учталган жумшак кылдуу (тыйын чычкан— кашкулак жана башкалардын жүнүнөн) К. акварель— темпера жана графикада колдонулат. Кызыл күзөндүн кылынан жасалган жумшак жана ийкемдүү Кыл калем ар түркүн боёк үчүн жарамдуу.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9