Кыл курттар
Кыл курттар (Gordiacea) — алгачкы көңдөйлүү курттар классы. Денеси кылдай, жумуру, ичке, узун, бир нече смден 1,5 мге жетет, жоондугу 0,5-2 мм. Курт-кумурскалардын, рак сымалдардын митеси. Даяр азыктарды бүткүл денеси менен соруп азыктанат, себеби алардын ичегиси өөрчүгөн эмес. Бөлүп чыгаруу органы да жок. Нерв системасы кулкундун айланасындагы нерв шакекчесинен башталган нерв түркүктөрүнөн турат. Айрым жыныстуу. Дүйнөдө 5 түркүмү, 300 түрү белгилүү. Жетилген Кыл курттар деңизде, тузсуз сууда жашайт. Алар миллиондогон жумурткасын ак жиптей кылып, бири бирине чаптап таштайт. Андан чыккан личинкасы аралык ээсинин (ийнеликтер, ызылдак чиркейлер жана күнүмдүктөрдүн личинкалары) денесине кыймылдуу тумшугунун жардамы менен тешип кирип, катуу кабык менен капталып, цистага айланат. Жырткыч, ири курткумурскалар (акыркы ээси) аралык ээси менен азыктанганда, циста ээсинин организминде мителик кылып өөрчүйт, жетилгенде анын денесин тешип сыртка чыгат (демейде ээси өлөт). Өөрчүшү 1 жылга созулат. Тузсуз көлмөдө узундугу 1 мге жеткен кадимки Кыл курттар көп таралган, бирок кишиге зыяны жок.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9