Кымыран
Кымыран — кымыз же сүткө суу кошуп кайнаткан мүнөз тамак. Ага бир аз күрүч, талкан же акталган таруу кошулушу мүмкүн. Оорулуу Кымыранды табыптын сунушу боюнча ичкен.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9