Көркөм кол өнөрчүлүктө чөптүн тамырынан алынган боек. Муну ышкын түптөн күз айларында атайын казып, сыртындагы чопо топурагын тазалап алат да, сууга кайнатканда чыйкандай кызыл өң берет. Кынага ачык каш кошуп, жүн боёгондо «аты да кына, заты да кына» болуп өмүрү өңү өчпөйт.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)