Кыпчаков Жумабай (11. 9. 1929, Чүй облусу, Кант району, Алга айылы) — гобойчу, Кыргыз ССР эл артисти (1986). 1957-ж. Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайын бүткөн. 1944-жылдан Кыргыз мамлекеттик филармониясынын Кыргыз эл аспаптар оркестринде адегенде комуз черткен. Гобойду Ленинграддан эвакуацияланып келген гобойчу И. Ильясовдон үйрөнүп, кийин оркестрде гобой партиясын ойногон туңгуч музыкант. Кыргыз, орус жана дүйнөлүк көрүнүктүү композиторлордун (Моцарт, Гендель жана башка) гобой үчүн жазылган чыгармаларын чебер аткарат. П. Шубин атындагы, М. Абдраев атындагы балдардын музыкалык мектептеринде сабак берген.

Оркестрдин курамында СССРдин шаарларында, Францияда, Италияда, Румынияда жана башка гастролдо болгон. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү