Кырбашев, Кеңеш (1931 ж, Ысык-Көл району – 2004, Бишкек) – фольклорист. Кыргыз Республикасынын Мамлекетинин сыйлыктын лауреаты. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер. Филология илимдеринин кандидаты (1986 ж.). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1956 ж.). 1969–1985 ж. жарык көргөн “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн” түзүүгө катышкан. 1968 ж. “Алыкул Осмоновдун поэзиясынын тили” аттуу темада кандидаттык диссертация жактап, ал өзүнчө монография болуп жарык көргөн.

Кырбашев “Манас” эпосуна арналган бир нече эмгектердин автору. Ал “Манас” эпосунун стили (1983 ж.) аттуу монографиясын жарыялап, анда С. Орозбаков менен С. Каралаевдин варианттарын салыштыруу аркылуу эпостун стилин ачып берген. Мында эпостун композициялык структурасынын өзгөчөлүгү, сюжет куруунун ыктары, образдардын жана көркөм каражаттардын өзгөчөлүгү, ошондой эле “Манас” эпосундагы эпикалык ыр түзүлүшүнүн жалпы маселелерине көңүл бурган. Булардан сырткары ал “Эл акындарынын чыгармачылыгынын тарыхынын очерки” (1988 ж.) аттуу коллективдүү эмгекте манасчылар С. Орозбаковдун, Ш. Рысмендиевдин, М. Чокморовдун, Ж. Сарыковдун, Ж. Кожековдун, А. Рысмендиевдин чыгармачылыгы боюнча портреттик макалаларды жазган. М. Чокморовдун айтуусундагы “Семетей эпосунун өзгөчөлүгү” аттуу эмгеги жарыяланган. СОВ, СКВ боюнча “Манас” эпосунун тексттерин орус жана кыргыз тилинде даярдоо, чыгаруу иштерине, “Манас” энциклопедиясынын жарыяланышына да активдүү катышкан авторлордун бири. Кызылсуулук манасчы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган “Манасчы Жусуп Мамай” (1997 ж.) аттуу монографиясы бар. Мындан сырткары “Эл адабияты” сериясына, “Кыргыз адабиятынын тарыхы” аттуу 7 томдон турган жамаат эмгекке бир катар илим макалалары жарыяланган. Ал жарым кылымга чамалаш эмгек жолунда адабияттын ар кыл көйгөйлөрүнө арналган 200-дөн ашуун илим эмгектердин, макалалардын автору. Булардын ичинде чет өлкөлөрдө жарык көргөндөрү да бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004