Кырбашев Муктарбек 1963-жылы 30-ноябрда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1981-жылы А.С.Макаренко атындагы орто мектебин, 1986-жылы Жалал-Абад шаарындагы Б.Алыкулов атындагы маданият техникумунун эл аспаптар жетекчиси бөлүмүн, 1996-жылы Б.Бейшеналиев атындагы искусство институнун маданий дем алууну уюштуруучу адистигин аяктаган.
  • 1982-1984-жылдары Советтик Армиянын катарында Монголияда кызмат өтөгөн.
  • 1986-2010-жылдары Октябрь маданият үйүнүн директору, ошону менен катар Макаренко орто мектебинде көркөм жетекчи, музыканты болуп эмгектенген.
  • 1986-жылдан бери “Достук” эстрада тобуна келген кыз-жигиттерди сахнага даярдап, Республикалык деңгээлге чыгарып келет.
  • 2009-жылы Октябрь маданият үйүндө “Аялзат” фольклордук тобун, 2011 -жылы Сузак райондук маданият үйүнүн алдында “Аруулан” вокалдык тобун уюштурган.
  • 2010-жылдан бери Сузакрайондук маданият бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенет.
  • 12 обондуу ырлардын автору.
  • Маданияттын мыкты кызматкери.
  • Сузак районунун ардактуу атуулу.
  • Бир канча ардак грамоталардын ээси.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3