Кырбашев Сатар 1932-жылы 5-декабрда Сузак районунун Кашка-Терек айылында туулган.


  • 1946- жылы 7-классты эң жакшы аяктап, 1947-1952-жылдары мектепте завхоз, бухгалтер, Кашка-Терек айылында мал чарбасында учетчик болуп иштейт.
  • 1952-жылы Армияга чакырылып, Туркмениянын Мары шаарында химик-разведчик болуп кызмат өтөгөн.
  • 1953-жылы оорусуна байланыштуу армиядан келип, колхоздо пахта ^алаасында учетчик-эсепчи болуп иштеп калат.
  • 1955-жылы Кашка-Терек айылынан Октябрь айылына көчүп келип, Октябрь айылдык кеңешине катчы болуп шайланат.
  • 1957-1966-жылдары Октябрь айылдык кеңешине 2 жолу депутат болуп шайланган.
  • 1966-1990-жылдары элге суу берүү боюнча мураб, совхоздун механизация адиси болуп эмгектенген.
  • 1992-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
  • 1992-жылы Аксакалдар соту болуп дайындалып, айыл аксакалы болуп, акыйкат сүйлөп, элдин кадыр-баркына ээ болгон.Жергиликтүү жашоочулардын демилгеси менен өзү жашаган көчөгө, 7-көчө (Ворошилов көчөсү) аты коюлган.
  • 1990- жылы “Эмгек ардагери” медалын алган.Өрөөндөгү сөзү курч, санжырачылардан болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3