Кыргоолдор (лат. Phasianidae) — тоок сымалдар түркүмүндөгү көп түрдүү куштар тукуму. Аларга эң кичине бөдөнөдөн тартып, эң чоңу тооско (павлинге) чейинки илбээсиндер кирет. Дене узундугу 13-190 см. Тумшугу жана шыйрагы жүнсүз, эркегинин текөөрү бар. Жакшы чуркайт, начар учат. 5-7 уруусу, 180дей түрү белгилүү. Алар Евразия, Америкада (уюл аймактарынан башка) жана Африкада таралган. Жерге уялап, 8-18 жумуртка тууйт, ургаачысы 24-25 күн басып, балапан чыгарат. Өсүмдүк уругу, мөмөсү, бүрү, курт-кумурскалар менен азыктанат. КМШ өлкөлөрүндө 13 түрү таралган. Кыргызстанда 2 түрү кезигет. Алардын 21 түрү жана 2 түрчөсү ТКЭСтин, 2 түрү КРдин Кызыл китебине катталган.

Meleagris gallopavo.

Колдонулган адабияттар түзөтүү