Кыргызбайбулуң аска бетиндеги сүрөттөр

Кыргызбайбулуң аска бетиндеги сүрөттөрколо, эрте темир доору жана орто кылымдарга тиешелүү археологиялык эстелик. Кочкор өрөөнүнүн Каракүңгөй айылынын чыгыш тарабында жайгашкан. Ритуалдык ырымдарды, жаа менен тоо текелерге, аркарларга аңчылыкка чыккан мергенчилердин, жылкы, илбирс, карышкыр, кыргыз оюуларынын сүрөттөрү тартылган. 2003-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин археологиялык экспедициясы тарабынан табылган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү