Кыргыздарда мейман чакыруу жана мейманга баруу


Кыргыздарда мейман чакыруу жана мейманга баруу


Мейман чакыруу жана мейманга баруу

Асыл мейман, жан досум, тоо арасында чыйыр жол тандап бастырган бейтааныш жолоочу белемсиң, тизгиниңди бери бура тарт. Баамымда, биздин Ата Журтка назарың түшкөн адам көрүнөсүң. Андай дити жакшы адамга жүрөгүм кайыл, колум март, сөзүм таттуу. Атыңан түшүп, төрүмө өт, сыйымды көр. Кеп салайын, аярла. Кыргыздын меймандостугу жөнүндө байыртан келаткан уламышты уккан белең? Анда окуя мобундай: илгери, бөлөк элден, бөтөн жерден ат арытып, жол карытып, комузун угуп, сый-урматын көрөлүк деп, кыргызга мейман келиптир. Үй ээсинин жалгыз уулу өлүм алдында жаткан. Муну меймандар алдын ала билишкен эмес. Үй ээси капыстан келген меймандарга сыр билгизбей, башка ак өргөгө мейман тосуп, мурдагысындай жадырап-жайнап, каадалуу нуска кебин айтып, комузун чертип отурду. Меймандардын бирөө сырттагы башка боз үйдөгү кыйналган үнгө кулагын төшөп суроо салды: - Кишинин онтогону угулабы? Ким бу? - Мал го…, – деп жооп берди мейман тоскон үйдүн ээси. Бир оокумда, казан чыгарарга келгенде үйдүн ээси боз үйгө аста кирип, уулунун а дүйнөгө узап кеткенин көрдү. Үй ээсинин жүрөгү муң-зарга батса да, «меймандарымдын күлкүсү качпасын, ыраазычылыкта кетишсин үйдөн»-деп ичине сыр катты. Меймандар жадырап-жайнап кыргызга ыраазы болушту. - Эми комузуңду бир чертип кой, угалы да кайталы, — дешти меймандар. Үй ээси кереге башындагы комузун алып, чертип кирди. Бу саам комуз ботодой боздоду белем. Комузду тыңшаган меймандар карабашын жоктоону угушту. Эми эле шаттыкка баткан үй ээсинин жүрөгүн кайгы чалганын меймандар сезип калышты. Аттиңай, ошондо комуз муңун уккан куштар түндүккө отура калып, безенген дешет. Дарак баштары жерге ийилип таазим кылган дешет… Каада-салтты билген меймандар да сыр бербей, мейман ишаратынан жазбай, үй ээси менен коштошуп, жолго аттанышкан. Меймандар желе тартып узап баратышып, кайрадан аттарынын баштарын шарт бурушуп, баягы аза күткөн кыргыздын үйүнө бу саамында өкүрүп түшүшкөн экен. Көрдүңбү, замандаш, мында кайгылуу күүнүн баяны эмес, мейман күткөн кыргыздын достук адилдигине, кайгыга чыдаган эрдигине сыймыктанып айтып жатам. Кыргыз салты – мейманына сый-урматын аянбай, жүрөгүндөгү сырын ачып берет. Кыргыз эли мейманын ыйык деп сезген, бир сындырым нанын өзү жебей, мейманына сактаган. Кыргыз – пейли кенен, меймандос эл. Үйүнө мейман келсе жадырап – жайнап тосуп, колунда бар берекесин дасторконунан көрсөтүшкөн. Үй ээсинин ак ниети, ак пейилден салынган дасторконуна (азбы-көпбү) келген меймандын каниет кылышы анын маданияттуулугун билдирет. Алдын ала чакырылган конок үчүн үй ээси алдын ала кам көрөт.
Мейманга баргандын да өзүнчө маданияты бар
. Дасторкон үстүндө адеп сактап, биринчи кезекте өзүн, айлана-чөйрөдөгүлөрдү, үй ээсин ыңгайсыз абалга калтырбоо зарыл.

Конокко чакырбасын сени кимдер,
Адеп күтүп, тамакты даамдай көр.
Улуу болсо өзүңдөн – эзелки адат,
Ашка колду кичүүлөр кийин салат.
Бирөөнүн алдындагы тамакты алба,
Өз жактан ал, өзүңдү жакшы карма.
Оозуңа салганыңды шашпай чайна,
Ысык ашты үйлөбө, жаман анда.
Тамакты жеген сайын мактап алгын,
Үй ээсинде кубаныч, сүйүнүч калсын.
Жол-жосуну дүйнөнүн мына ушундай,
Эстей жүр эл ичинде унуткарбай.

Колго суу куюу-үйгө келген конокко көрсөтүлгөн сыйдын бири. Көбүнчө эркек балдар колго суу куят. Суулукту сол ийинге илип, чылапчынды четинен кармап, жылымык суусу бар кумганды, же чайнекти оң колго кармап, эт жээрде солдон оңду көздөй колго бөлүп-бөлүп чачыратпай куюушу зарыл. Ошондо колун жууп жаткан адам:«Тилегиңди берсин», «бар бол», «өмүрлүү бол», «ойлогон оюңа, тилеген максатыңа жет!» деген сыяктуу баталарын берет. Эт желип, бата тиленип бүткөндөн соң ыкчамдатылган (кол күйбөгөндөй) суу оңдон солго (аяк өйдө) куюлат. Балага суу куйдуруу – салт. Анда конокту сыйлоо адеби жатат. Бата алуу- эл ичинде кадыр-барктуу, отуруп-турганы нарктуу, айткандары эм, улуу-кичүүлөргө дем, урмат-сыйы бирдей, жекече касиет жылоологон карыя-байбичелерге атайын жолдук менен баруу. Бата алуу – балалуу болууга, алыс сапарга аттанууда, сапардан аман-эсен кайтууда, ойлогон оюна, тилеген максатына жетүүгө кылган аракет. Улууларды кастарлап, сый тамактар менен даам сыздыруу бул – бата алуу болуп саналат Бата даам таткандан кийин ыраазычылык менен берилет. Бата тилеген келин-кесектер абалы жүгүнүп, улууларга баш ийип, таазим кылышат. Бата аларда туруп эки колдорун бооруна алышат. - «Оо-мийин, алдыңды бала, артыңды мал бассын. Алганың менен тең кары. Кудай менин жашымды берсин. Пайгамбар-сабаалар колдосун!» – деп бата беришет. Кийин «Анын батасы тийген», «Тегин кишиден бата албаган», «Батадан жаралган бала»… өңдүү сөздөр бара-бара уламышка айланат. Ушундан улам кан Кошойдун, кан Бакайдын жайган алакандары, алкаган сөздөрү тегин чыккан эмес деп айта алабыз