Кыргыздардын Чүйгө келиши (18-кылым)

Кыргыздардын Чүйгө келиши (18-кылым) — калмактардын Борбордук Азиядагы баскынчылык согуштарынан (ойрот) согуштары) улам Кара-Тегин, Ысар (Гиссар), Көлөп (Куляб) жана Ферганага сүрүлүп барган кыргыздардын ата журтуна кайтып келиши. Кыргыздардын Чүйгө келиши тууралуу алгач Б. Солтоноевдин эмгегинде эскерилет. 18-кылымдын орто ченинде ички жана тышкы кырдаалга байланыштуу Жуңгар хандыгы саясий-экономикалык кризиске учурап, алсырай баштайт. Убагында калмактардын экспанциясына туруштук бере албай, чачылып кеткен кыргыздардын кайрадан биригүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бул учурда кыргыз бийлеринин демилгеси менен сүрүлгөн кыргыздар 1730—40-жылдары Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо аймактарына көчүп келген. Кыргыздар калмактардын Чүйдү ээн таштап, Ысык-Көл тарапка жер которгондугу жөнүндө кабар («жөө күлүктөр» Дорбаш, Койкоң-Назар, Көкөй Чүйгө келип, жер чалышкан) алышып, чакан топтон куралган кол адегенде Талас, Чүй, кийинчерээк Ысык-Көл, Иле өрөөнүндөгү калмактарды сүрө баштаган. Натыйжада калмактар Ички Жуңгарияны карай чегинип, Олуя-Атадан Балхаш, Илеге чейинки жерлер бошотулат. Калмактардан бошогон Талас, Чүй аймактарын Улуу жүздүн кээ бир уруулары (сары уйсун, дуулат, чапырашты, чанчкылы ж. б.), Иле тарабын Орто жүз наймандары, Ысык-Көл, Ат-Башынын чыгыш, түштүк-чыгышындагы аймактарын Цин империясы ээлеп алууга умтулган. Ушундай жагдайда Маматкул, Кошой бийлер кыргыздарды Кетмен-Төбөдөн Талас, Чүй, Ат-Башы, Ысык-Көлгө көчүрүү демилгесин көтөргөн. Ошол мезгилде Ташкент, Түркстан тараптан Чүй тарапка жыла баштаган казак урууларына кыргыздардын Чүйгө көчүп келе башташы тоскоолдук кылган. Туума бий башындагы кушчу, саруулар менен Садыр баатыр жетектеген саяк (негизинен түнкатар) уруулары Талас — Олуя-Ата; Жайыл баатыр, Момокон башындагы солтонун талкан уруусу Олуя-Ата — Мерке — Кара-Балта; Кебек бий баштаган бөлөкбайлар Кара-Балта — Ысык-Ата; Качыке башындагы чекир саяктар Ысык-Ата — Кемин; Атаке менен Эсенкул башында турган сарыбагыштар Кеминден Илеге чейинки аймактарга, Черикчи бий башында турган миң түтүн бугу-сарыбагыш жана миң түтүн саяк уруусу 1761-жылы Ысык-Көлдүн чыгыш тарабына, Иленин оң жээгине көчүп келет. Кыргыздардын Чүйгө келиши менен кыргыз-кытай, кыргыз-казак чек ара маселелери курчуган. Орус жана кытай жазма булактарында казак султандары Абылпеиз 1763—64-жылдары Илеге, Абылай 1765-жылы Илеге, 1766-, 1769-, 1773-, 1779—80-жылдары Кара-Балта, Олуя-Ата тараптан кыргыздарга кол салган. Бирок казактар кыргыздардан жеңилген соң, эки элдин ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн. Натыйжада кыргыздар Байгара, Жамбыл, Кулжа-Башы тоолору, Балхаш көлү жана Иле дарыясынын баш жагын казак жана Цин империясынын аскерлеринен коргоп калат. Ал эми Цин империясы менен кыргыздардын ортосундагы чек ара маселеси элчилик жиберүү аркылуу чечилет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү