Кыргыздардын жыл эсеби
Жыл эсеп - байыртадан бери карата кыргызда болбогон үчүн күнү-түндүн ичиндеги мезгилди болжоп убакыт менен пайдалана келген. Ал убакытардын баарысы 33кө бөлүнүп төмөнкүлөр:
- таң-каракчы
- таңдум-пойуу
- таңкуланоок
- таң кылаюу
- таң аппак атуу
- күн чыккан
- күн тоонун башына тие
- күн которулгон
- күн текши тийген
- шашке
- улуу шашке
- жалган түш
- чак түш
- түш кыя
- түш оогон
- сарт бешим
- кыргыз бешим
- алаколоко
- намаздигер
- күн батар
- күн батканда намаз шам
- буруул иши таанышаар таанышпас
- эл аягы басыла
- намаз купан
- тамак ичер
- тамакты текши ичкен, эл жатар
- эл текши жатканда
- уйкуга кирерде
- текш уктаганда,-оор уйку
- түн ортосуна жакын
- түн ортосу
- түн ортосу оогондо
- таңга жакын.