Кыргызстандагы шамал режими

Кыргызстандагы шамал режимиШамал режими татаал, рельефтин мүнөзүнө коз каранды. Шамалдын жылдык багыттары (роза) асимметриялуу. Шамалдын басымдуу багыттары өрөондөрдүн огуна байланыштуу. Сутка ичиндеги шамаддын режими жергиликтүү тоо-өрөөн циркуляциясына баш иет. Ал режим боюнча күндүз шамал өрөөндөрдү өрдөп тоону карай, түнкүсүн тоодон өрөөндөрдү карай согот. Мөнгүлүү өрөөндөрдө мөнгүлөрдүн үстүлөрүнүн муздак болушуна байланыштуу шамал күндүр-түндүр төмөн, мөңгүлөрдөн өрөөндү карай согот.

Кыргызстандын кээ бир райондорунда аба массасы четки кырка тоолорду ашып, аркы капталына төмөн түшкөнүндө фен түрүндөгү жылуу жана кургак шамалдар пайда болот. Алардын таасири астында жаан-чачын болбой ички өрөөндөр кургакчыл болот. Ысык-Көл ойдунунда таасын байкалган мындай мүнөздүү шамалдардан батыштан соккон «улан» жана чыгыштан соккон «санташ» шамалдары белгилүү. Кээ бир учурларда бул шамалдар катуу шторм шамалдарына айланат (ылдамдыгы секундасына 15—20 м/сек. га чейин, айрым учурларда 40 м/сек. га жетет).

«Улан» жана «санташ» шамалдары Ысык-Көл ойдуңуна батыштан же чыгыштан муздак аба массалары кирип келген учурларга туура келет. Шамалдардын ылдамдыгы артып, шторм бороондорго айланып кетишинин себеби, муздак аба ашуу сыяктуу тоолордун бел-баскактарын ашып каптап кирет. Экинчиден суу бетиндеги мурдагы жылуу аба тез көтөрүлүп, анын ордун ээлеген муздак абанын агымы улам күч алып согот.

Жалпысынан Кыргызстандын аймагы кескин тилмеленген. Ошондуктан шамалдардын ылдамданышына тоскоолдуктар көп. Ачык өрөөндөрдө шамалдардын орточо жылдык ылдамдыктары 1—3 м/сек., туюк өрөөңдөрдө 1 м/сек. ашпайт. Байкалган учурлардын 85% штиль режимин түзөт.