Кыргызстандык 385-аткычтар дивизиясы

Кыргызстандык 385-аткычтар дивизиясы — Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы учурунда Фрунзе шаарында куралган аскердик күч. Дивизиянын карамагына 1266-, 1268-, 1270-аткычтар полку, 948-артиллериялык полк, 672-зениттик айрым артиллериялык дивизион, мотоаткычтардын 447-чалгындоо ротасы, 836-байланыш, 665-сапёрлордун айрым батальону, 463-аткычтардын айрым взводу, 500-айрым авторота жана 470-медсанбат кирген. Туңгуч командири — полковник И. М. Савин, аскер комиссары Д. Т. Нестерук, штаб начальниги В. Н. Кораблёв болгон. Дивизия түзүлгөндөн кийин Москва шаарын коргоого катышкан жана күжүрмөндүүлүк менен душманды СССР, Польшадан кууп чыгып, Эльба дарыясына чейин жеткен. Согушта көрсөткөн каармандыгы үчүн дивизия Кызыл Жылдыз, Суворов ордендери менен сыйланып, Киричев шаарын бошотууда «Киричев» дивизиясы деген ардактуу наамга ээ болгон. Жогорку Башкы командачынын буйругу менен 1945-жылы июнда таратылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү