Кыргызстандын конституциясы

Кыргызстандын Конституциясы‎»‎ барагынан багытталды)

Кыргызстандын конституциясы — Кыргызстандын башкы мыйзамы. Азыркы учурда колдонуудагы конституция 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган.

Кыргыз АССРинин 1929-жылкы конституциясы

1929-жылдын 30-апрелинде Экинчи Бүткүлкыргыз Кеңештер съезди Конституция долбоорунун акыркы редакциясын карап чыгып аны бекиткен. Кыргыз АССРинин 1929-жылдагы Конституциясы ОСФСР Конституциясынын негизинде кабыл алынган. Кыргыз АССРинин 1929-жылдагы Конституциясына чейин кыргыз тарыхында бир да конституция болгон эмес.

Кыргыз ССРнин 1937-жылкы конституциясы

  Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.

Кыргыз ССРнин 1978-жылкы конституциясы

  Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.

Кыргыз Республикасынын 1993-жылкы конституциясы

5-май 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – «легендардуу парламенттин» 12-сессиясында Кыргызстан Конституциясын кабыл алган. «Легендардуу парламенттин» курамы 1990-жылдагы биринчи альтернативдик шайлоодо түзүлгөн. Бул парламент КР мамлекеттик көзкарандысыздыгына саясий жана укуктук негиздерди жана демократиялык коомду куруу жана эркин базар саясатын уюштурууну түзгөн бийлик органы катары тарыхта калган. «Легендардуу парламент» тарабынан кабыл алынган тарыхый актылар:

- Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө декларация (15-декабрь 1990-жыл);

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация (31-август 1991-жыл);

- Кыргыз Республикасынын конституциясы (5-май 1993-жыл).

Кыргыз Республикасынын 2010-жылкы конституциясы

2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Конституцияда республиканын башкаруу формасы жазылган эмес[1]. Расмий булактарда парламенттик башкаруу формасы тууралу айтылган[2]. Де-факто башкаруу формасы — парламенттик-президенттик (аралаш) болгон.

2016-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 25-жыл болгонуна арналган парадындагы Алмазбек Атамбаевдин сөзүнөн:

Биринчиден, 2010-жылкы Конституция өлкөдө парламенттик башкарууну орноткон жок. Бул Конституция бизди президенттик-парламенттик тутумга алып келген, ал авторитардык режимди түзүү үчүн бардык шарттарды камтыйт.

— А. Ш. Атамбаев[3]

Бул конституция 2021-жылдын 5-майына чейин күчүндө болгон.

Кыргыз Республикасынын 2021-жылкы конституциясы

  Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.

Булактар

  1. Биринчи бөлүм. Конституциялык түзүлүштүн негиздери. 1-берене. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги. Текшерилген күнү 19 -январь (үчтүн айы) 2018.
  2. Мамлекеттик түзүлүш (орусча)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 6 -январь (үчтүн айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 6 -январь (үчтүн айы) 2019.
  3. Полный текст выступления Алмазбека Атамбаева на праздновании независимости Кыргызстана (орусча)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы) (31.08.2016). Текшерилген күнү 19 -октябрь (тогуздун айы) 2020.