Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү

Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү (7-апрель 2010-жыл — июль, 2010-жыл) — 7-апрель 2010-жылдагы элдик револиюциянын негизинде Кыргыз Республикасындагы аткаруу бийликти өз колуна алган убактылуу орган. 11-апрелде «Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн № 1 декрети» жарыяланып, анда «Өзүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн алып жүрүүчүсүнүн жана мамлекеттик бийлигинин бирден бир булагынын ыйык укугунан пайдаланып, 2010-жылдын 6-7-апрелинде Кыргызстандын эли К. С. Бакиевдин элге каршы режимин кулатты. Элдин эркин билдирүүсүнүн натыйжасында мамлекеттик бийлик Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө өткөнүн» эскертип, учурдагы оор кырдаалга таянуу менен: «1) Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийлик элдин эркин билдирүүсүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө өтөт. 2) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасында 2007-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы өзүнүн юридикалык күчүн сактап калат. 3) 4-шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул Декрет менен таратылат. 4) Мамлекеттик бийликтин Кыргызстандын элине тиешелүү экени жөнүндөгү конституциялык принципке жана ушул Декретке ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу ыйгарым укуктары менен милдеттерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү жүзөгө ашыра» турганы белгиленген. Ага ылайык КРдин мурунку Президентинин аппараты, секретариаты, Президенттик кеңеш, ж. б. «Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиги», 4-жолу шайланган КРдин Жогорку Кеңеши таратылары, ошол эле учурда КР референдумунда (2007) кабыл алынган КР Конституциясынын юридикалык күчү сакталып, анын негизинде КР Президенти, Жогорку Кеңеш, КР Өкмөтүнө берилген ыйгарым укуктар менен милдеттер КРдин Убактылуу Өкмөтүнө жүктөлөрү белгиленген. 2010-ж. 12-апрелде Убактылуу Өкмөттүн «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотун таратуу жөнүндө» 2-декрети жарык көргөн. 16-апрелде К. Бакиевдин КРдин Президентиин кызматынан баш тартканы тууралуу арызы жарыяланган.

Курамы түзөтүү

Убактылуу Өкмөттүн төрайымы – (Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти) Отунбаева, Роза Исаковна.

Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары (экономика боюнча) – Атамбаев, Алмазбек Шаршенович.

Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары (финансы боюнча) – Сариев, Темир Аргембаевич.

Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары (экономика боюнча) – Текебаев, Өмүрбек Чиркешович.

Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары (прокуратур органы жана финансы полициясы боюнча) – Бекназаров, Азимбек Анаркулович.

Ички Иштер министри – Шерниязов, Болотбек Эсентаевич.

Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик кызматынын төрагасы – Дуйшебаев, Кенешбек.

Саламаттык Сактоо министри – Ниязалиева, Дамира Абаскановна.

Убактылуу Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси – Каптагаев, Эмилбек Саламатович.

Айыл-чарба министринин милдетин убактылуу аткаруучу – Касейинов, Кубат Үсөнкулович.

Жаратылыш ресурстары министринин милдетин убактылуу аткаруучу – Камчыбеков, Дүйшөнбек Кыргызбаевич.

Жаштар иши боюнча министрдин милдетин убактылуу аткаруучу – Алымкулов, Алиясбек Төлбашыевич.

Коргоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу – Исаков, Исмаил Исакович (20. 07. 2010-жылга чейин).

Маданият министринин милдетин убактылуу аткаруучу – Момбеков, Рыскелди.

Мамлекеттик мүлк министринин милдетин убактылуу аткаруучу – Абдылдаев, Шералы.

Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин убактылуу аткаруучу – Чотонов, Дүйшөнкул Тезекбаевич.

Транспорт жана коммуникация министринин милдетин убактылуу аткаруучу – Исаков, Эркин.

Тышкы иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу – Казакбаев, Руслан Айтбаевич.

Эмгек, элди жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министринин милдетин убактылуу аткаруучу – Мамырова, Бөдөш Аманбаевна.

Энергетика министринин милдетин убактылуу аткаруучу – Артыкбаев, Осмонбек Мамбетжанович.

Экономика министринин милдетин убактылуу аткаруучу – Үмөталиев, Эмил Сатарович.

Юстиция министринин милдетин убактылуу аткаруучу – Салянова, Аида Женишбековна.

Калган мүчөлөрү түзөтүү

Генералдык прокурордун милдетин убактылуу аткаруучу – Ибраев, Байтемир Карыпбекович.

Жогорку соттун милдетин убактылуу аткаруучу – Момбеков, Кубанычбек.

Улуттук банктын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу – Чокоев, Заир Ленарович.

Эсеп палатасынын милдетин убактылуу аткаруучу – Молдокулов, Сабырбек Айдарканович.

Убактылуу Өкмөттүн 2010-ж. 19-майдан кийинки ишмердүүлүгү түзөтүү

2010-ж. 19-майдагы Убактылуу Өкмөттүн чечими менен «Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндөгү» №39 жана «Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү тууралуу» № 40 декрети кабыл алынып, жалпы элдик колдоого ээ болгон. Анын негизинде Р. Отунбаевага 2011-ж. 31-декабрга чейинки мөөнөткө КР Президентинин ыйгарым укугу берилип, өткөөл мезгилдин президенти болуп дайындалган. КР Өкмөт башчысынын 1-орун басарынын А. Атамбаев жана орун басарларынын милдети Т. Сариев, А. Бекназаров ж. б. жүктөлгөн. 2010-ж. 27-июнда өткөн жалпы референдумдун жыйынтыгы боюнча КРдин жаңы Конституциясы жактырылып, Убактылуу Өкмөт жана КРдин өткөөл мезгилдеги Президентинин расмий орду легитимдештирилген.

Булактар түзөтүү

  • КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-ж. 7-апрелдеги № 1 декрети
  • КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-ж. 12-апрелдеги № 2 декрети