Кыргызстандын токойлору

Кыргызстандын токойлоруКыргызстандын токой өскөн, ошондой эле токой өстүрүлүүчү жана токой чарбасы жүргүзүлүүчү жерлер.

Токой фондусу бардык жерлердей эле мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Токой фондусунда мамлекеттик маанидеги токойлор (алардын ичинен шаарга караштуу токойлор, илимий иштерди ж. б. жүргүзүү үчүн айрым ишкана, уюмдарга ж. б. бекитилип берилген токойлор, коруктардагы токойлор) ж. б. тийиштүү жер-эсеп документтерине катталган токойлор кирет. Айыл чарба жеринде өскөн дарак-бадал өсүмдүктөрү, темир жол жана автомобиль жолдору, каналдарды бойлоп өскөн дарактар, шаар ж. б. калктуу конуштарда өскөн бак-дарактар (шаарга караштуу токойдон башка жердеги), короо жай, дачадагы дарактар, мөмө бактары Токой фондусуна кирбейт. Кыргызстандын Токой фондусу 932,1 миң га аянтты ээлейт, ал жалпы аянттын 4,66 %ин түзөт (2008). Республиканын токойлору нымдын аккумулятору болуу менен, уникалдуу жана экологиялык чоң мааниге ээ. Too бетинде өсүү менен сел агымын, жер көчкүнү, кар көчкүсүн токтотуу, суунун жыл бою чыгымдалышын жөнгө салууда мааниси чоң. Республикадагы реликт жаңгак жана арча токойлорун сактоо, экологиялык кырдаалды турукташтыруу максатында Президенттин жарлыгы (2006) менен Токой фондусусундагы өтө баалуу дарак породасын кыюуга, иштетүүгө мораторий жарыяланган. Токой аянтын чоңойтуу жана токой экосистемасын өнүктүрүү үчүн Мамлекеттик агенттиктин токой чарба ишканалары Токой фондусунун гана эмес айыл өкмөттөрүнүн жерлерине да көчөттөрдү отургузууда. Республика боюнча 2612,9 га аянтка, алардын ичинен 2065,65 га мамлекеттик жерге. Токой фондусунун жерине көчөт отургузулган (2010).

Булактар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4