Кыргызстан демократиялык кыймылы

Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) – улуттук кайра жаралуу багытындагы, Кыргызстандын формалдуу уюмдарынын демилгеси менен түзүлгөн кыймыл 1990-жылы 11-ноябрда расмий каттоодон өткөн. 1993-жылы 29-майдан Кыргызстан Демократиялык кыймылы партиясы болуп кайра түзүлгөн. Ар кимиси өз алдынча, чачыранды аракет кылган коммунистик режимге каршы күрөшкөн 24 коомдук уюмдар биригишип – Кыргызстан демократиялык кыймылын уюштурган. Алардын катарында «Асаба», «Ашар», «Атуулдук демилге», «Боорукер», «Ак кеме» (Ленинграддагы кыргыз студенттеринин жердешчилиги), Базаркоргон, Жалал-Абад, Ысык-көл, Карабалта, Майлысай, Ош, Каракол, Талас, Токмок, Чолпон-Ата жана башка шаар жана кыштак уюмдары кирген. 1991-жылы февраль айына карата Кыргыз демократиялык кыймылын 34 өз алдынча уюмдары бириктирип, жалпы саны 300 миңден ашкан. «Славян фонду», «Кыргызстан социал-демократтары», «Мемориал» клубу жана башка улуттардын өкүлдөрүнөн турган уюмдардын Кыргызстан демократиялык кыймылга мүчө болуп кириши бул кыймылга интернационалдуу мүнөз берген.

Бул кыймылдын республикалык партиялык жетекчилик менен мамилесинин өз ара түшүнбөстүгү аны «улутчул кыймыл» деп айыптоого негиз берген. Бирок, Ош окуяларынын мезгилинде, 1990-жылы 6–7 июнунда Бишкектеги Өкмөт үйүн курчап алган жаштардын митинги менен жалпы тил табышууда Кыргызстан демократиялык кыймылынын мүчөлөрү көрүнүктүү иш алып барышкан. Студенттер жана кыргыз улутундагы жаш жумушчулар Кыргызстан демократиялык кыймылынын социалдык базасын түзүшкөн. Кыргыз айылдарында Кыргызстан демократиялык кыймылынын кадыр баркы өскөн. 1990-жылы октябрдагы Жогорку Кеңештин сессиясында Республиканын Президентин шайлоодо Кыргызстан демократиялык кыймылынын мүчөлөрү Өкмөт үйүнүн алдында ачкачылык уюштуруп, шайлоонун жүрүшүнө иштиктүү таасир тийгизишкен. Программасын Кыргызстан демократиялык кыймылынын КПССке карата оппозициялык кыймыл деп билдирип, Президентти жана анын программасын колдойбуз деген. Кыргызстан демократиялык кыймылынын 1-съезди Союздук келишимге карата мамилеси жөнүндөгү кабыл алган Резолюцияда «Жогорку Кеңеш республиканын аймагында референдум өткөрбөөгө тийиш» деген талап коюлган.

«Кыргызстан демократиялык кыймылынын кабарлары» гезитинин 1-номеринин нускалары басмаканадан эле бийлик тарабынан конфискацияланган. Кыргызстанда коммунисттик партократиянын мамлекеттик жогорку бийликтен четтетилиши жана бийликке Президент баш болгон демократиялык күчтөрдүн келиши менен өлкөдөгү социалдык жана саясий кырдаал кескин өзгөрдү. Кыргызстан эгемендүү (15.12.1990-ж.) жана көз карандысыз (31.08.1991-ж.) мамлекет деп жарыяланды. Кыргызстандын демократиялык кыймылы кыргыз элинин жана республикада жашаган жалпы калктын саясий, социалдык, руханий кулчулуктан бошонушуна, өз эркине, оюна ээ болушуна, өз күчүнө ишенишине чоң салым кошту. Кыргызстандагы улуутук, жарандык кыймыл тез аранын ичинде Кыргыз демократиялыккыймылынын чегинен чыгып, массалык кыймылдын мүнөзүнө ээ болду. Кыргызстандын демократиялык багытта өнүгө башташы менен Кыргызстандын демократиялык кыймылынын программасынын негизги максаттары мамлекеттик саясатка айланды. Кыймылдын буга чейинки тактикасы демократиялык саясий режим орногондон кийин мурдагы натыйжалуулугун жоготту. Кыргызстан демократиялык кыймылынын мүчөлөрү мамлекеттик бийлик органдарынын жогорку кызматтарына көтөрүлүштү, экинчи бир бөлүгү ишкердик, фермер, бизнес жана башка жактарга өтүштү.

Мына ушундай социалдык тсаясий кырдаалда Кыргызстандын демократиялык кыймылынын ичинде жикке бөлүнүүлөр башталып, туруктуу иштей турган саясий партия түзүү зарылчылыгы келип чыкты. Кыргызстан демократиялык кыймылынын ичинен бөлүнүп чыккан партиялардын катарына «Эркин Кыргызстан», «Ата-Мекен» жана «Асаба» кирет. Кыймылдын калган мүчөлөрү 1993-жылы 29-майда Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясын түзүшкөн.

  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек: “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”, 2003. - Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү