Кыргызстан калкынын биринчи курултайы

Кыргызстан калкынын биринчи курултайы — 1994-жылы 21—22-январда Бишкек шаарында өткөн расмий жыйын. Ага Кыргызстанда түзүлгөн 24 улуттук борбордун өкүлдөрү жана чет өлкөлүк меймандар катышып, Кыргызстандын келечектеги кызыкчылыгы жана анын максаты жөнүндө маселелер талкууланган. Анда жергиликтүү улуттун 40тан ашык өкүлдөрү, ошондой эле Казакстан (А. Нурпейисов), АКШ (сенатор X. Хемпри) ж. б. бир нече мамлекеттен келген меймандар сөз сүйлөп, респнын көп улуттуу элин биримдик, ынтымакка үндөшкөн. Мамлекеттик тилдин өнүгүшү, анын келечек тагдыры жөнүндө да маселелер каралып, азырынча кыргыз тилин окуп-үйрөнүү үчүн базанын али түзүлө электиги белгиленген. Курултайдын атынан «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» деген ураан алдында Кыргызстанда жашаган бардык элдерге кайрылуу жолдонуп, улуттук биримдик, улуттар аралык тынчтык, ынтымактуулукка чакырган декларация кабыл алынган. Курултайда Кыргызстан калкынын ассамблеясы түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү