Кыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрү

Кыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрүКыргызстандын жеринин бетинин түзүлүшүнүн татаалдыгына, тоо капталдарынын күнөстүүлүгүнүн ар башкалыгына жана нымдуу абанын жолуна карата, абалына жараша климаттын ар түрдүү мүнөздүүлүгү түзүлөт. Бийиктик боюнча төрт климаттык алкак бөлүнөт.

Тоо этегиндеги түздүктөрдүн жана жапыз өрөөндөрдүн климаты жайкысын ысык аптаптуу (июлдун орточо температурасы +28°С ге чейин), кышында анча суук эмес, мелүүн, жаан-чачын жетишсиз. Бул климаттык алкак, өзгөчө Фергана өрөөнүндө субтропикалык климаттын белгилерине ээ. 900—1200 м бийиктикте да жайкы температура 20—25°С ден кем эмес, кышкы температура (январь) -4°С ден -7°С ге чейиң төмөндөйт. Эң ысык күндөрдө температура 44° С ге чейин көтөрүлөт, эң суук күндөрдө абанын температурасы -40° С ге чейин төмөндөйт. Бул алкакта 0° С ден жогорку температуранын жылдык суммасы 3600—4900° ка жетет. Бул алкак сугат суусу менен жетиштүү камсыз болсо, айыл-чарбасы үчүн эң ынгайлуу.

Бөксө тоолордун климаттык алкагы 900—1200м ден 2000—2200 м бийиктикке чейин нукура мелүүн климаттык мүнөздө. Жайкысын жетишээрлик ысык болбойт, кышкысын өтө суук эмес, туруктуу кар катмарынын астында. Жайкы температура 18°—19° С (июль), кышкы январдын температурасы -7 -8°С. Декабрдан февралга чейин айлык орточо температура терс мааниде (-3 -5°С).

1000—1500 м бийиктикте жети айдан ашык суук болбойт, 0°С ден жогорку температуралардын жылдык суммасы 3500— 4000°. Мындай деңгээлдеги температура ным жетиштүү болсо, жылуу климатка ылайыкташкан көптөгөн айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн жакшы шартты түзөт. Алкактын жогорку чегинде 6 айга жакын суук болбойт жана оң температуралардын суммасы 2700— 3800°. Бул шарттар нукура мелүүн климатка туура келет.
Бийик тоолордун климаттык алкагы 2000— 2200 м ден 3000—3500 м ге чейинки бийиктикке туура келет. Бул алкактын жайы салкын, кышы суук, көпчүлүк жерине калың кар катмары мүнөздүү. Июлдун орточо айлык температурасы 11—16°С, январдыкы -8 -10° С. Кыш узак (ноябрь— март) жана карлуу. Бул алкактын жогорку чегинде суук болбогон айлардын саны 3—4 айга кыскарат. 0°С ден жогорку температуранын суммасы 600—2800°. Бул алкак негизинен жайыт катары пайдаланылат.

Нивалдык климаттык алкак 3500 м ден жогору бийик тоолордун кырларын жана капчыгайлардын төрлөрүндөгү мөңгү-муздуктар таралган жайларды камтыйт. Жайы салкын, кышы ызгаардуу суук, кардын катмары жогорку чегинде жыл бою кетпейт. Июлдун температурасы 4—7°С ден ашпайт, январдыкы -19 -22°С ге чейин суук.
Кыргызстандын климаты бийиктик боюнча гана алкактарга бөлүнбөстөн мейкиндик боюнча да айырмаланат. Климатологдордун маалыматтары боюнча Кыргызстан төрт климаттык регионго бөлүнөт: Түндүк Кыргызстан, Ысык-Көл ойдуңу, Ички Тянь-Шань жана Түштүк Кыргызстан. Райондоштурууда негизги көрсөткүчү болуп жаан-чачындын жылдык режими алынган. Ал белгилүү даражада атмосфералык циркуляциянын шарттарын чагылдырат.

Түндүк Кыргызстандын кыштын күнкү синоптикалык процесстеринин мүнөздүү белгиси — муздак аба массасынын батыштан, түндүк-батыштан жана түндүктөн кирип келиши. Бул аба массасы көп учурда шамалдын күчөшүн, булуттуулукту жана жаан-чачынды алып келет. Жаз мезгили аба ырайынын туруксуздугу менен айырмаланат. Муздак аба, жылуу аба алмак-салмак кирип, бирде суук, бирде жылуу аба ырайын алып келет. Жаан-чачын көбүрөөк байкалат. Жайдын башында да түндүк-батыштан жана батыштан нымдуу аба массасы кирип турат. Жаан-чачындар нөшөрлөгөн жамгыр түрүндө жаайт. Жайдын экинчи жарымы кургакчыл. Фронттук активдүүлүк байкалат.


Күз мезгилинин синоптикалык процесстери да туруксуз аба ырайын алып келет. Бул мезгилдеги муздак абанын батыштан жылып кириши, кээде карга айланган жаан-чачынды пайда кылат. Жаан-чачындын жыл ичиндеги максимуму жаз айларында жана жайдын биринчи жарымында байкалат.


Ысык-Көл ойдуңунун синоптикалык процесстери өзгөчө орунду ээлейт. Орографиялык туюктугуна байланыштуу ойдундун тышкы жактар менен аба алмашуусу кыйынчылык менен жүрөт. Аба массалары Ысык-Көл ойдунуна Кыргыз Ала-Тоосу менен Күнгөй Ала-Тоосунун ашуулары жана Сан-Таш ашуусу аркылуу кирет. Тоо ашкан аба массасы ойдуңга төмөндөп түшкөндө адиобатикалык жылынуу процесси жүрүп, экинчи жагынан аба массасы жайылып кетип салыштырмалуу нымдуулук азаят. Натыйжада жаан-чачын алып келүүчү булуттар бул жерде өтө эле сейрек пайда болот. Көл үстү менен чыгышка жылган аба массасынын салыштырмалуу нымдуулугу акырындан арта баштап, Ысык-Көлдүн чыгыш жагында жаан-чачындын саны көбөйөт. Жаан-чачындын жыл ичиндеги максимуму жаз айларынын аягында, жай айларынын башында байкалат.

Ички Тянь-Шанды курчаган бийик кырка тоолор жана бул климаттык райондун жеринин бетинин көтөрүңкүлүгү атмосфералык циркуляцияга көп өзгөчөлүктөрдү киргизет. Курчаган кырка тоолордун тышкы капталдарына жаан-чачындын негизги бөлүгү калып, аба массалары ички өрөөндөргө нымы азыраак болуп келет. Кыш мезгилинде конденсация деңгээли төмөн болгондуктан нымдуу аба массаларынын ички өрөөндөргө кириши кыйын болуп калат. Ошондуктан ички Тянь-Шандын өрөөндөрүндө кар аз же жок. Аба ырайында антициклондук режим басымдуу келип, көп убакта ачык аяздуу күндөр үстөмдүк кылат. Кышкы жаан-чачындын саны жылдык жаан-чачындын санынын 11,5% ин түзөт. Жылдын жылуу мезгилинде абал кескин өзгөрүп, аба ырайы туруксуз жаан-чачындуу боло баштайт. Конвективдүү аба агымынын күчөшүнөн булуттуулук көбөйүп, жаан-чачындар да арта баштайт. Жалдысынан Ички Тянь-Шань жаан-чачыны жетишсизирээк мелүүн климаттуу район. Жаан-чачындын көбөйгөн мезгили жаз айларынын аягы жана жай айларына туура келет.

Түштүк Кыргызстанда түндүктөн жана түндүк-батыштан келген муздак аба массасынын таасири аз, айрым учурларда аба ырайына алардын тийгизген таасири дээрлик жокко эсе. Бул климатка негизинен батыштан соккон нымдуу жана муздак абанын таасири күчтүү. Ошонун негизинде жаан-чачындуу мөөнөт жылдын муздак мезгилине туура келет. Бул жерде жылдын жылуу мезгили кургакчыл жана ысык аптаптуу, б. а. Жер Ортолук деңизинин жээгине мүнөздүү климаттын белгилери бар. Жердин бети бийиктеген сайын жаан-чачын түшчү мезгил жаз айларын карай жылат. Жаз мезгилинде фронттук процесстердин кайталанышы артат жана жаан-чачын көбөйөт.
Фергана орөөнүнүн түндүк жана түндүк-батыш тарабына батыштан гана кирген аба массаларына жол ачык. Ошондуктан Түштүк Кыргызстандын бул тарабынын климаты батыш жана түштүк-батыш жактан кирген аба массаларынын таасири астында калыптанат. Кыш мезгилиндеги жаан-чачындар түштүк циклондору менен батыштан соккон муздак аба массаларына байланышкан.

Жылдын жылуу мезгилиндеги аба ырайын термикалык депрессиянын түндүк чети менен байланышкан батыштан жана түндүк-батыштан басып кирген муздак аба массалары калыптантат. Ал муздак аба массалары басып кирген мезгилге негизги жаан-чачындын жааган мезгили туура келет (жаздын аягы жайдын башталышы). Жалпысынан региондо жаан-чачындын саны бүткүл Кыргызстандын аймагы боюнча көп. Бул жердеги тоо капталдарынын кээ биринде жаан-чачындын жылдык саны 1000 мм ден ашат. Туюк өрөөндөрдө жана тоо капталдарынын чыгышка караган бөлүгүндө жаан-чачын 300 мм ден ашпайт жана ным жетишсиз.

Фергана өрөөнүнүн түштүк тарабын ээлеген тоо кыркаларынын этегинен кырына чейинки аймактардын климатында да таасын байкалган эки мезгил бар. Азия антициклонунун түштүк-батышы өкүм сүргөн кыш айларындагы муздак абанын басып кириши жана жылуу мезгилдеги түштүк-батыштын циклондору Фергананын бул жагына да мүнөздүү. Жаан-чачындын негизги бөлүгү жазгы батыштан кирген аба массасы менен байланышкан.
Жаан-чачындын жылдык саны тоо этектеринде жана ички өрөөндөрдө 250 мм ден 500 мм ге чейин өзгөрөт. Бул жакта да жаан-чачындын саны батыштан чыгышка карай көбөйөт, бирок Фергананын түндүк жагына караганда жалпы саны азыраак (600 мм ге чейин).

Колдонулган адабият түзөтүү