Кыргызстан 2018 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында

Көк бөрү боюнча Кыргыз курамасынын курамына өлкөнүн мыкты делген улакчылары кирди. Анда Нооруз майрамына карата уюштурулган мелдештин жеңүүчүсү "Ынтымак" командасынан 5 улакчы, Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүсү "Достук" командасынан 4 улакчы жана "Биримдик" командасынан 3 улакчы курамдын тизмесине кирди. Кыргыз курама командасынын тизмеси: Марлис Койгелдиев ("Ынтымак") - минген аргымагы Арбат Кубаныч Султан уулу ("Биримдик") - минген аргымагы Атаман Айбек Темирбаев ("Достук") - минген аргымагы Ахилес Эрлан Толобеков ("Ынтымак") - минген аргымагы Дерзкий Таштемир Майлыбашов ("Достук") - минген аргымагы Алай Чубак Нурманбет уулу ("Ынтымак") - минген аргымагы Ак-Куш Нуржан Мелисбек уулу ("Ынтымак") - минген аргымагы Эрке-Тору Улан Насакеев ("Биримдик") - минген аргымагы Арча Тору Аскат Баатырбек уулу ("Достук") - минген аргымагы Токмок Манас Ниязов ("Достук") - минген аргымагы Бойка Рустам Тыналиев ("Биримдик") - минген аргымагы Комбат Сейитбек Анарбек уулу ("Ынтымак") - минген аргымагы Кара-Куш Машыктыруучу - Мыктыбек Туташев. Ат багуучулар: Таалай Мырзакматов; Тилек Урманбетов; Калыбек Алтыбаев.