Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Совети (ЭКС)

Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Совети (ЭКС) — 1927-37 аткаруу бийлиги. К. А. ЭКС аны менен бирге мыйзам чыгаруу, башкаруу иштерине да катышкан. Ал 1927-ж. 7-12-мартта өткөн Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездинде Кыргыз АССР БАК тарабынан түзүлүп, анын төрагалыгына Ж. Абдрахманов дайындалган. Ал Кыргыз АССР БАКтын Президиумуна жоопкер болгон жана ага отчёт берип турган. Ага жер, финансы, эл агартуу, эмгек, саламаттык сактоо, жумушчу-дыйкан жана башка комиссариаттар караган. Кыргыз АССР ЭКС республикасынын аткаруу бийлиги катары мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин иштерин жөнгө салып турууга тийиш болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү