Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлиги

Ички иштер министрлиги (иим) – өз ыйгарым укуктарынын чектеринде адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөлөрүндө мамлекеттик башкарууну ишке ашыруучу жана КР ички иштер органдарынын жана КР ИИМдин ички аскерлеринин иштеринин негизги багыттарын түздөн-түз жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органы. ИИМ курамына облустук, райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башкы башкармалыктары, башкармалыктары жана бөлүмдөрү, темир жолдогу, аба транспортундагы бөлүмчөлөрү (линиялык бөлүмдөр жана бөлүмчөлөр), мамлекеттик автоинспекция, ички иштер органдарына жана ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн ишканалар, мекемелер жана уюмдар кирген ички иштер органдарынын тармагын башкарат. Ички иштер органдары жана ички аскерлер ИИМ тутумун түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү