Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу

Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу — республикадагы сүрөтчүлөрдү (живописчилерди, скульпторлорду, графиктерди), жасалга-колдонмо өнөрүнүн чеберлерин жана искусство таануучуларды бириктирген коомдук чыгармачыл уюм. 1933-жылы уюштурулган. 1934-жылы жетекчи органы шайланган. Союз сүрөтчүлөрдүн чеберчилиги менен талант кудуретин өстүрүүгө, чыгармачылык изденүүлөрүнө көмөктөшүп, жаштардын чыгармачылык жактан калыптануусуна кам көрөт. Сүрөтчүлөрдүн идеялык-тарбиялык, кесиптик жана теор. деңгээлин көтөрүү боюнча иш жүргүзөт: чыгармачыл талкуу, командировка, түрдүү сүрөт көргөзмөлөрүн, конференция ж. б. уюштурат, мыкты сүрөт үлгүлөрүн элге жайылтууга көмөктөшөт. Союздун карамагына Кыргыз Республикасынын сүрөт фонду менен сүрөтчүлөрдүн Ош областтык бөлүмү кирет. Союздун төрагалары: С. Чуйков (1933—37), А. Евдаков (1937— 40), Г. Айтиев (1940—52, 1954—68), А. Михалёв (1952—54), Т. Садыков (1968—83), Ж. Үмөтов (1988), С. Чокморов (1988—92), С. Айтиев (1992— 96), Ж. Кадралиев (1996), Ж. Молдакматов (1996—98), Т. Курманов (1998-жылдан).

Колдонулган адабияттар түзөтүү