Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруКыргызстандын өз алдынча, эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилер. Аларга мамлекеттик туу, герб жана гимн кирет. Көз каранды эмес республикалык болуп жарыяланганга чейин мамлекеттик символикалардын бардык түрүндө коммунисттик идеологиянын белгилери (орок-балка, 5 бурчтуу жылдыз, пролетардык ураан ж. б.) сакталып келген. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 1992-жылы 3-мартта мамлекеттүүлүктүн башкы белгиси болуп, кызыл түстөгү туу (авторлору — С. Иптаров, Б. Жайчыбеков, Ж. Матаев, М. Сыдыков, Э. Айдарбеков), ошол эле жылы 18-декабрда мамлекеттик гимн (авторлору — Ж. Садыков, Ш. Кулуев, К. Молодобасанов, Н. Давлесов), 1994-жылы 14-январда мамлекеттик герб (авторлору — А. Абдраев, С. Дубанаев) кабыл алынган.