Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары — Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды сыйлоонун жана алардын мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоодогу жана чыңдоодогу, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциалын арттыруудагы салымын, ошондой эле мамлекет жана элдин алдындагы коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердин түрүндө сиңирген эмгегин таануунун жогорку формасы.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен Кыргыз Республикасынын жарандары, юридикалык жактары жана Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген эмгеги бар чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактары сыйланышат.

Эң жогорку артыкчылык даражасы "Кыргыз Республикасынын Баатыры", Кыргыз Республикасынын ордендери, медалдары жана Ардак грамотасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары болуп саналат.

Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сыйлоо же ардак наамды ыйгаруу жөнүндө жарлыкты чыгаруу, андан ары мамлекеттик сыйлыктарды же ардак наамдардын документтерин тапшыруу менен жүзөгө ашырылат.

Сыйланган адамга мамлекеттик сыйлык жана сыйлоону ырастоочу документ берилет. Ардак наам ыйгарылган адамга ардак наамды ыйгарууну ырастоочу документ берилет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын түрлөрү

түзөтүү
Мамлекеттик сыйлыктын сүрөтү Сыйлыктын аталышы жана  белгиленген күнү (булагы) Мамлекеттик сыйлыгы жөнүндө жобо жана мамлекеттик сыйлыгынын белисинин сыпаттамасы
  

эң жогорку артыкчылык даражасына

"Ак Шумкар" өзгөчө белгиси

“Кыргыз Республикасынын Баатыры”

эң жогорку артыкчылык даражасы

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1996-жылдын

16-апрели № 11

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы жарандарга Кыргыз Республикасынын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өркүндөшү үчүн жасалган баатырдык менен байланышкан, мамлекет жана коом алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылат.

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин жана тиешелүү күбөлүктү тапшыруу менен бир жолу ыйгарылат.

"Ак Шумкар" өзгөчө белгиси төштүн сол тарабында Кыргыз Республикасынын ордендери менен медалдарынын үстү жагына тагылат.

"Ак Шумкар" өзгөчө белгиси алтындан жасалат жана диаметри 40 миллиметр болгон сегиз нурлуу жогорку деңгээлдеги жана диаметри 30 миллиметр болгон он алты нурлуу төмөнкү деңгээлдеги симметриялык жылдыз түрүндө болот.

Жылдыздын нурларынын, кырларынын жана формасынын чет жакалары тоо чокуларын жана бажырайып ачылган тоо кызгалдагын эске салат.

Жылдыздын ортоңку бөлүгүндө лавр веногу менен курчалган күмүштөн жасалган каптама жайгашкан. Каптаманын борборунда алтын жалатылган фондо ыйык "Ак Шумкардын" рельефтик сүрөтү жайгашкан.

Белгинин калыбы (кыргыздардын байыркы үч бурчтук ыйык белгиси) тумар түрүндө, андагы кызыл эмаль жайыкты түндүктүн рельефтүү сүрөтү жайгаштырылган.

  I даражадагы

"Манас" ордени

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1996-жылдын

16-апрели № 11

"Манас" ордени менен Кыргыз Республикасынын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзгөн, мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн сыйланышат.

"Манас" орденинин төмөнкүдөй 3 даражасы бар:

1) I даражадагы "Манас" ордени;

2) II даражадагы "Манас" ордени;

3) III даражадагы "Манас" ордени. 

"Манас" ордени төштүн сол тарабына, Кыргыз Республикасынын башка ордендери менен медалдарынын алдына тагылат.

I даражадагы "Манас" ордени эки бөлүктөн турат - диаметри 60 миллиметр болгон сегиз шоолалуу алтын жылдыз жана ортосундагы алтын каттама, ал жашоонун символу болгон булутсуз асманды жана сууну чагылдырган чырмалышкан кочкул көк түстөгү эки квадраттан жана күндүн символу болгон борбордогу кызыл айланадан турат. Айлананын ортосунда - туусу шамалга желбиреген ат чаап бараткан Манастын рельефтүү алтын сүрөтү.

  II даражадагы

"Манас" ордени

II даражадагы "Манас" ордени I даражадагы орден менен бирдей, бирок күмүштөн жасалат. Мында каптама борборго, Манастын сүрөтүнө жана жылдыздын нурларынын ортосунда айлананы түзгөн сегиз жалбыракка алтын жалатылган. Чырмалышкан көк квадраттардын бурчтарында алтын жалатылган тегерек белгилер коюлат. Көк жана кызыл түстөгү эмаль каптоосу калат.
  III даражадагы

"Манас" ордени

III даражадагы "Манас" ордени айрым элементтерине алтын жалатылбастан күмүштөн жасалат. Көк жана кызыл түстөгү эмаль каптамалар калат.
  "Курманжан Датка"

ордени

 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2011-жылдын

2-ноябры № 198

"Курманжан Датка" ордени менен коомдук-саясий иште сиңирген эмгеги жана эмгектеги жетишкендиктери, мамлекетти коргоого жана чыңдоого, элдин биримдигине, өсүп келе жаткан муунду өз Мекенин сүйүү жана урматтоо духунда тарбиялоого кошкон салымы үчүн сыйланышат.

"Курманжан Датка" ордени төштүн сол тарабына, "Манас" орденинен кийин тагылат.

"Курманжан Датка" ордени туура жети бурчтуу күмүш пластинага түшүрүлгөн жети бурчтуу жылдыз.

Жети бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалат жана алтындын буусу менен капталып, жылдыздын учтарында алтын шариктер болот.

Ордендин ортосунда улуттук оюусу бар алкак менен жээктелген, сыртына капталган тегеректе, - түстүү эмалдан жасалган көгүлтүр асмандын фонунда Курманжан Датканын рельефтик сүрөтү бар. Курманжан Датканын силуэти сыртынан капталып, алтындан жасалат. Алкактын төмөн жагында "Курманжан Датка" деген жазуу бар. Улуттук оюу жана "Курманжан Датка" деген жазуу дөмпөйтүлүп, алтындын буусу менен капталат жана түстүү эмалдан жасалган кочкул-кызыл фондо жайгаштырылат.

Улуттук оюу жана цирконий таштары менен кооздолгон жети бурчтуу күмүш пластина ордендин негизи болот. Пластинанын учтарынын аралыгында алтындын буусу менен капталган жети шоола чыгып турат.

  "Данакер"

ордени

“Кыргыз Республикасынын "Данакер" орденин белгилөө жөнүндө” 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1999-жылдын

12-ноябры № 122

"Данакер" ордени менен элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон ири салымы, улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча өзгөчө үзүрлүү иши, өлкө илимин жана экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, улуттук маданияттарды жакындатуу жана өз ара байытуу, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө боюнча жигердүү ишмердиги үчүн сыйланышат.

"Данакер" ордени төштүн сол тарабына, "Курманжан Датка" орденинен кийин тагылат.

"Данакер" ордени күмүштөн жасалат жана диаметри 42 мм болгон, бирдей чыгып турган кырк шоолалуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыздын шоолаларына алтын жалатылган.

Ордендин алдыңкы бетинде көк тегерек элементтери менен кыргыздын улуттук оюмунун рельефтик сүрөтү бар, ал ысык эмаль методу менен жасалат. Айлананын диаметри 30 мм. Айлананын периметринде жылдыздын шоолалары менен айкалышкан 40 жарым сфера бар.

Айлананын ортосуна диаметри 16 мм болгон каптама жайгашкан, ал ысык эмаль методу менен жасалган көк эмаль менен капталган, анда жер шаарынын меридиандарынын символун билдирген жарым айлана түрүндө ичке тосмо сызыктар бар. Каптаманын борборунда рельефтик "Данакер" жазуусу жайгашкан. Жазуунун үстү жана асты жагында айлананын вертикаль огу боюнча рельефтик түрдөгү жылдыздар жайгашкан. Каптама күмүштөн жасалат. Каптаманын кырларына, ичке тосмо сызыктарга жана жылдыздарга алтын жалатылган.

"Данакер" ордени көзөнөк жана звено аркылуу өлчөмү 28 мм х 42 мм болгон тик бурчтуу металл колодкага бириктирилет. Ал өлчөмү 33 мм жана 23 мм болгон көк муар тасмасын керүү үчүн негиз болот.

 
"Данк" ордени

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

28.07.2011-ж.

№ 151

"Даңк" ордени менен сыйланышат:

1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун көтөрүүгө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзгөн эмгектеги салымы үчүн;

2) илим, билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы кошкон салымы үчүн;

3) мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук иштер жаатындагы, мыйзамдуулукту, укуктук тартипти, коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чындоодогу кошкон салымы үчүн;

4) улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого кошкон салымы үчүн;

5) спортту илгерилетүүгө, колдоого жана жайылтууга кошкон салымы үчүн.

"Даңк" ордени төштүн сол тарабына, "Данакер" орденинен кийин тагылат.

"Даңк" ордени күмүштөн жасалат жана улуттук оюумдун рельефтик сүрөтү бар салтанаттын символун билдирген туура күмүш пластинанын фонундагы сегиз бурчтуу жылдыз болот. Карама-каршы жаткан учтарынын ортосундагы жылдыздын өлчөмү

55 мм.

Ордендин ортоңку бөлүгүндө сол тарабынан лавр жалбырагынан жана оң тарабынан арчадан жасалган, алтын менен капталган венок түрүндө айлана жайгашкан. Лавр жалбырагы атак жана даңкты, ал эми арча түбөлүктүүлүктү түшүндүрөт. Айлананын ортосунда "Даңк" жазуусу бар. Жазуунун үстүңкү жана төмөн жагында улуттук оюм жайгашкан. Жазуу жана улуттук оюмдун элементтери дөмпөйтүлгөн, түстүү эмаль менен жасалган кочкул кызыл фондо жайгашкан.

Ордендин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Төөнөгүч түрүндө таккычы бар.

 
"Достук" ордени

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

28.07.2011-ж.

№ 151

"Достук" ордени менен сыйланышат:

1) элдердин ортосундагы достук, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыгын бекемдөө ишиндеги жетишкендиктери үчүн;

2) эл аралык, коомдук, кайрымдуулук жана гуманитардык иштердеги жетишкендиктери үчүн;

3) өлкөнүн руханий жана интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө жана көбөйтүүгө кошкон жеке салымы, адам укуктарын жана анын социалдык кызыкчылыктарын коргоо боюнча жигердүү иши үчүн.

"Достук" ордени төштүн сол тарабына, "Даңк" орденинен кийин тагылат.

"Достук" ордени күмүштөн жасалат жана дөмпөйтүлгөн чыгып турган шоола түрүндөгү алты бурчтуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыз алтын менен капталган, шооланын карама-каршы жаткан учтарынын ортосундагы аралык 55 мм.

Ордендин ортоңку бөлүгүндө үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз тумары түрүндө каптама жайгашкан. Үч бурчтуктун жактары 38 мм. Четтери алтын менен капталган. Тумардын үстүңкү жагында элдердин ортосундагы кылымдык достукту билдирген "ажырагыстыктын" белгиси, ортосунда "Достук" жазуусу, төмөнкү жагында кыргыздын улуттук оюму жайгашкан. Тумардын бардык элементтери алтын менен капталган, көк эмаль менен жасалган көк фондо жайгашкан.

Жылдыздын алдыңкы бети улуттук оюм менен кооздолгон. Жылдыздын учтарынын аралыгында көк түстөгү цирконий таштары менен кооздолгон алты күмүш элемент чыгып турат.

Арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Төөнөгүч түрүндө таккычы бар.

  "Баатыр эне"

ордени

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1996-жылдын

16-апрели № 11

"Баатыр эне" ордени менен энелер - жети жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.

"Баатыр эне" ордени менен сыйлоодо төмөнкү балдар да эске алынат:

1) мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан көп убакыт өтсө жана багып алынган балдар чогуу жашаса;

2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.

"Баатыр эне" ордени төштүн сол тарабына, Кыргыз Республикасынын медалдарынын алдына тагылат.

Орден күмүштөн жана мельхиордон жасалып, алтындын буусу менен капталат жана диаметри 52 миллиметр болгон жети нурлуу жылдыз түрүндө болот.

Жылдыздын борборунда-булутсуз көк асманды элестеткен көк эмаль фонду жана ак эмаль алкак менен жээктелген каттама айланадан турат, анда "Баатыр эне" деген жазуу жайгашкан.

Айланада үйдүн кутун символдоштурган түндүктүн стилдүү сүрөтү берилген. Жогорку жагында "Алтын казык" жылдызынын сүрөтү бар.

  "Эрдик"

медалы

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1996-жылдын

16-апрели № 11

"Эрдик" медалы менен жарандар адамдарды куткарууда, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, табигый кырсыктардын, өрттүн, кыйроолордун жана башка өзгөчө кырдаалдардын убагында көрсөткөн каармандыгы, эрдиги жана кайратмандыгы үчүн, ошондой эле өмүр үчүн тобокелдик менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык жана жарандык парзын аткарып жатып жасаган каарман жана чечкиндүү иш-аракеттери үчүн сыйланышат.

"Эрдик" медалы төштүн сол тарабына, Кыргыз Республикасынын ордендеринен кийин тагылат.

Медаль эки бөлүктөн - тик бурчтуу калыптан жана диаметри 32 миллиметр болгон фигураланып кесилген күмүш айланадан турат, алар өз ара звенолор системасы менен бириккен.

Айлананын ортосунда каармандыктын, чыдамкайлыктын жана кеменгерликтин символу катары ак илбирстин сүрөтү жайгаштырылган.

Айлананын жээгинде Мамлекеттик туунун элементтери (күн нурлары) жайгаштырылган жана "Эрдик" деген сөз жазылган.

Калыптын бет тарабында ысык ыкма менен иштелген эмалдын үч тик тилкеси жайгашкан, алар жашоонун символу катары ак карлуу Ала-Тоонун чокуларын, сууну жана тынчтыктын символу катары көгүлтүр асманды чагылдырган ак жана көк түстө.

  "Даңк"

медалы

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1996-жылдын

16-апрели № 11

"Даңк" медалы менен мамлекеттик же коомдук иштеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачыл, тарбиялык, коомдук жана кайрымдуулук иштердеги өзгөчө эмгеги үчүн сыйланышат.

"Даңк" медалы төштүн сол тарабына, "Эрдик" медалынан кийин тагылат.

Медаль эки бөлүктөн-күмүш калыптан жана диаметри 32 миллиметр болгон айланадан турат: алар бири-бири менен айланага терең отургузулган байламта системасы менен бириккен.

Калыпта даңктын символу болгон кайчылаштырылган эки лавр бутагы, анын үстүндө ысык ыкма менен жабылган кызыл эмалдуу эки тик бурчтук тартылган.

Айлана адаттан тышкаркы ыкма менен жасалган; анын чок ортосунда жана жээктеринде көзөнөктөр бар, алар аны жеңил сыяктуу көрсөтүп турат. Айлананын ортосунан төмөн жакта "Даңк" деген жазуу бар, борбордон эки жакты карай кыргыздын ою-чиймелеринин элементтери жайгаштырылган.

   "Эне даңкы"

медалы

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1996-жылдын

16-апрели № 11

"Эне даңкы" медалы менен энелер - алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган, алтынчы баласы бир жашка толгон жана башка балдары тирүү Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланышат.

"Эне даңкы" медалы менен сыйлоодо төмөнкү балдар эске алынат:

1) эгерде асырап алгандан кийин кеминде 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар чогуу жашаса, мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар;

2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.

"Эне даңкы" медалы төштүн сол тарабына, "Даңк" медалынан кийин тагылат.

Медаль мельхиор калыптан жана диаметри 32 миллиметр болгон күмүш айланадан турат, алар өз ара бириккен.

Калып (кыргыздын байыркы үч бурчтук ыйык белгиси) тумар түрүндө жасалган, анын жогорку жээгинде кыргыздын улуттук оюу-чиймеси, ал эми ортоңку бөлүгүндө булутсуз асманды, ак карлуу бийик чокуларды жана көгүлтүр "Ысык-Көлдү" символдоштурган сүрөт түшүрүлгөн: ага эмалдын көгүлтүр, ак, ультрамарин түстөрү жабылган.

Айлананын тышкы алкагында тегерете "Кыргыз Республикасынын" деген жазуу бар.

Көзөнөктүү айланага катуу бириктирүү ыкмасы менен нурлардын жана кыюуланган алкактын ортосунда "Баатыр эне" орденинин кичирейтилген сүрөтү жайгаштырылып, анын ортосуна "Эне даңкы" деген жазуу жазылган. Көзөнөктүү мейкиндикти бирдей өлчөмдөгү сегменттер түзөт.

 

 Кыргыз Республикасынын биринчи категориядагы "Элдик" ардак наамдарына төш белгиси  

Кыргыз Республикасынын ардак наамдары

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2017-жылдын

28-июлу № 157

Биринчи категориядагы ардак наамдар:

а) "Кыргыз Республикасынын эл артисти";

б) "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу";

в) "Кыргыз Республикасынын эл акыны";

г) "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү";

Кыргыз Республикасынын биринчи категориядагы ардак наамдарына төш белгиси эки бөлүктөн - бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириккен беш бурчтуу калыптан жана диаметри 27 мм асмадан турат.

Алтын жалатылган колодон жасалган түз формалуу алдыңкы бети кызыл түстөгү эмаль менен жабылган. Калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельнфтүү кыргыз оюму жайгашкан.

Асма алтын жалатылган күмүштөн жасатылган, асманын өйдөңкү бөлүгүндө рельефтүү Мамлекеттик туунун (күндүн нурунун кыйылуусундагы түндүктүн стилдештирилген сүрөтү) элементи жайгашкан. Ортоңку бөлүгүндө рельефтүү "Кыргыз Республикасы" деген жазуу турат. Асманын жет жактарында ардактын жана даңктын символу болгон лавр бутактарынын рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.

 

 Кыргыз Республикасынын биринчи категориядагы "Эмгек сиңирген" ардак наамдарына төш белгиси  

Кыргыз Республикасынын ардак наамдары

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2017-жылдын

28-июлу № 157

Экинчи категориядагы ардак наамдар:

а) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти";

б) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы";

в) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу";

г) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу";

д) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими";

е) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи";

ж) "Кыргыз Республи2) экинчи категориядагы ардак наамдар:

а) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти";

б) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы";

в) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу";

г) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу";

д) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими";

е) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи";

ж) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти";

з) "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер";

и) "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер";

к) "Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер";

л) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер";

м) "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер";

н) "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер";

о) "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер";

п) "Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер";

р) "Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер";

с) "Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер";

т) "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер";

у) "Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер";

ф) "Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер";

х) "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер".

Кыргыз Республикасынын экинчи категориядагы ардак наамдарына төш белгиси биринчи категориядагы ардак наамдарына төш белги менен бирдей, бирок калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү кыргыз оюму жок.

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2017-жылдын 28-июлу № 157

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен өлкөнүн социалдык-экономикалык жана рухий дараметин арттырууга сиңирген эмгеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта, билим берүү жана медицина чөйрөсүндө, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачылык, тарбия берүү, коомдук жана кайрымдуулук иштеринде олуттуу жетишкендиктери үчүн сыйланышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган адамга "Ардак белги" төш белгиси берилет.

"Ардак белги" төш белгиси төштүн оң тарабына тагылат жана сыйланган адамдын ардак наамы болсо, Кыргыз Республикасынын ардак наамынын төш белгисинен кийин тагылат.