Кыргыз Республикасынын эл акыны
Кыргыз Республикасынын эл акыны — ардак наам. 1991-жылга чейин Кыргыз ССР эл акыны. Жогорку идеялуу жана көркөмдүк жагынан баалуу чыгармаларды жараткан, кыргыз жана көп улуттуу элдин адабиятын өнүктүрүүгө жана байытууга көп эмгеги өткөн акындарга берилет. Наам Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1945-жылы 19-октябрдагы указы менен белгиленген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9