Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти — ардак наам. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939-жылдын 10-январындагы указы менен белгиленген. 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен берилет. Жогорку же орто билими жана кеминде 5 жылдык эмгек стажы бар, профессионалдык жогорку устаттыкка ээ болгон, өзүнүн иши менен искусствонун өнүгүшүнө көмөк көрсөткөн, жогорку көркөмдүктөгү образдарды, спектаклдерди, кинофильмдерди түзгөн театр, кино, цирк, эстрада артисттерине, режиссёр, дирижёр, балетмейстер ж. б. искусство кызматкерлерине, ошондой эле эл чыгармачылыгынын көрүнүктүү өнөрпоздоруна жана таланттуу аткаруучуларына берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү