Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти — ардак наам. 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген экономисти. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1966-жылдын 22-августундагы жана 1970-жылдын 30-ноябрындагы жарлыктары менен белгиленген. 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен ыйгарылат. Орто же жогорку билими бар, адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген жана коомдук өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууда өзүнүн практикалык же илимий иши менен өзгөчө айырмаланган, Кыргыз Республикасынын финансы, банк, статистика органдарынын, ишканаларынын, курулуштарынын, мекемелеринин, уюмдарынын жогорку квалификациялуу экономисттерине, бухгалтердик эсеп кызматкерлерине берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү