Кыргыз ССРинин географиялык коому

Кыргыз ССРинин географиялык коому-1947-жылы түзүлгөн (1964-жылга чейин СССР география коомунун Кыргыз филиалы); Борбордук уюмдан (Фрунзе шаарында), Ош жана Ысык-Көл бөлүмдөрүнөн турат. 1983-жылы 1-январда коомдун 858 мүчөсү болгон. Негиги милдеттери; география илимин пропагандалоо, туристтик жана край таануу иштерине көмөк көрсөтүү, маалымат берүүчү китепчелерди жана жол көрсөткүчтөрдү редакциялоо, географиялык маселелер боюнча консультация берүү, илимий докладдарды уюштуруу, географиянын методикалык маселелерин талкуулоо жана башкалар. 1970-80-жылдары коомдо 1193 илимий доклад жана билдирүү талкууланды, 16 конф-я өткөрүлүп, съезддер чакырылды (1-съезд--1970, 2-си 1975-ж., 3-сү 1980-ж.) Коом географиянын бардык маселелери боюнча экспертиза жүргүзүүнү уюштурат жана аларга жыйынтык чыгарып, сунуштарын берет, география илимин пропагандалайт, илимий эмгектерди, анын ичинен "География коомунун кабарларын" чыгарат (1959-80-ж. 14 жолу чыккан). Кыргыз ССРинин география коому республикада комплекстүү картографиялоо, табиятты жана табигый комплекстерди коргоо боюнча маанилүү илимий, илимий-уюштуруу жана колдонмо мүнөзүндөгү иштерди турмушка турмушка ашыруунун демилгечиси болду. (С. Өмүрзаков)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы.