Кыргыз Эл Комиссарлар чокусу
(«Кыргыз Эл Комиссарлар, чокусу» барагынан багытталды)
Кыргыз Эл Комиссарлар чокусу — Борбордук Теңир-Тоодогу Ак Шыйрак кырка тоосунун эң бийик жери. Пирамида сымал.
Бийиктиги 5125 м. Палеозойдун сланец, мрамор, акиташ, гранит тоо тектеринен турат. Үстүн муз текши каптап, капталдарынан түндүк-батышка Сары-Төр, Борду, батышка Түндүк Карасай өрөөн мөңгүлөрү түшөт. Чокуга биринчи болуп 1932-ж. А. А. Летаве жетекчилик кылган Москва илимпоздор үйүнүн альпинисттери чыккан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- *Кыргызстандын географиясы / Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек-2004. Archived 2016-03-27 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9