Кыргыз Эл Комиссарлар чокусу

Кыргыз Эл Комиссарлар чокусуБорбордук Теңир-Тоодогу Ак Шыйрак кырка тоосунун эң бийик жери. Пирамида сымал.

Кыргыз Эл Комиссарлар чокусу.

Бийиктиги 5125 м. Палеозойдун сланец, мрамор, акиташ, гранит тоо тектеринен турат. Үстүн муз текши каптап, капталдарынан түндүк-батышка Сары-Төр, Борду, батышка Түндүк Карасай өрөөн мөңгүлөрү түшөт. Чокуга биринчи болуп 1932-ж. А. А. Летаве жетекчилик кылган Москва илимпоздор үйүнүн альпинисттери чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү