Кыргыз билим берүү академиясы

Кыргыз билим берүү академиясы (КББА) — мамлекеттик илимий мекеме. 1951-92-ж. Кыргыз педагогикалык илимий-изилдөө институту (КырПИИИ), 1991-2003-ж. Кыргыз билим берүү институту (КББИ), Информатика жана информ. технологиялар институту бириктирилип, КР Өкмөтүнүн токтомунун негизинде 2002-ж. 3-сентябрда КББА болуп түзүлгөн[1]. 2003-ж. Кулжа айынын 9-күнү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын билим жана маданият министрлигине баш ийет[2].

КББАнын негизги максаттары жана маселелери болуп төмөнкүлөр эсептелет:[2]

  • билим берүүнү башкаруунун натыйжалуугун жогорулатуу;
  • жаңы муун үчүн мамлекеттик стандарттарды, программаларды, окуу китептерин түзүү, окуу-усул адабияттарын жана башка билим берүүнүн сапатын жогорулатууну камсыз кылган адабияттарды чыгаруу;
  • педагогикалык жана башкаруучулук кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана дасыгын (квалификациясын) жогорулатуу;
  • Кыргыз Республикасы билим берүүнүн философиясын жана илимий-методикалык негиздеринин стратегиясын аныктоо;
  • аспирантура жана докторантура аркылуу жогорку дасыктуу (квалификациялуу) илим жана илим-педагогикалык кадрларды даярдоо.

Милдеттери: билим берүүнүн натыйжалуулугун арттыруу, сапатын жогорулатуу, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине киришүүсү, илимийпедагогикалык уюмдарды бириктирип, билим берүүнүн теор. жана практикалык маселелерин чечүү; мектепке чейинки, мектептик, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн фундаменталдык жана колдонмо изилдөө багыттарын аныктоо жана изилдөө; окуу-тарбия процессин илимий-теор., илимийметодикалык жактан камсыздоо; педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо[1].

Билим берүүнү информациялаштыруу жана башка КББАда 4 борбор жана 1 бөлүм иштейт:[1]

  • мектеп жана мектепке чейинки билим берүү борбору;
  • педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борбору. 1945-ж. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунун негизинде түзүлгөн. Ю. М. Мусин, Б. К. Кадырова, Т. О. Өскөнбаев, Н. М. Чжен жана башка институттун уюштуруучулары болушкан;
  • кесиптик билим берүү борбору 1997-ж. уюшулган;
  • инновациялык-информ. технологиялар борбору; 1975-ж. жогорку окуу жайлар аралык эсептөө борбору болуп түзүлгөн, кийин Республикалык жаңы маалымат технологиялар борбору, 1999-ж. Информатика жана информ. технологиялар институтуту, 2003-жылдан Инновациялык-информ. технологиялар борбору болуп, КББАнын курамына кирген;
  • уюштуруу, илимийметодикалык жана басма иштер бөлүмү.

«Кыргыз билим берүү академиясынын кабарларын» чыгарат. КББАнын илимий китепканасы, окуу кабинеттери бар; чакан басмаканасы керектүү жабдыктар менен жабдылган.

Президенттери: А. Жайнаков (2003), К. А. Калдыбаев (2003-07), А. М. Мамытов (2007-жылдан)[1].

Булактар

түзөтүү
  1. 1.0 1.1 1.2 1.3 “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
  2. 2.0 2.1 Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004