Кыргыз жазмасы – кыргыз эли колдонгон бардык тарыхый жазмалар. Алардын көпчүлүгү алфавиттик жазма болушкан. Алардын арасында орхон-энесай руна сымал жазмасы, уйгур жазмасы, араб жазмасы, латын жазмасы жана кирил жазмасы, ж.б. бар. Кыргызстандын аймагынан сыртта жашаган кыргыздар кирил (Орусия, Казакстан, Беларусь, Украина), араб (Ооганстан, Кытай), латын (Өзбекстан, Түркия, Европа) жазмаларын пайдаланышат. Кыргызстанда азыркы тапта кирил жазмасы үстөмдүк кылат.

Байыркы кыргыздар жана башка түрктөр колдонгон сак доорундагы жазма (Эшик, Ысык жазмасы) чечмелене элек.

Айрым кыргыздар байыркы заманда жана орто кылымдарда кытай иероглифтерин жана орто кылымдарда санскрит жазмасын, андан соң тибет жазмасын өздөштүргөндүгү жөнүндө учкай маалыматтар бар.

Кыргыздын руна сымал жазмасы түзөтүү

Орхон-Энесай алфавиттик руна сымал жазмасы түрк-моңгол тилдүү элдердин ичиндеги тарыхта чечмеленген эң байыркы жазма маданияты.

Бул жазма салты 6–12-кылымдарга таандык. Анын Энесайдагы варианты кыргыздарга таандык болгон. Кыргыз руна жазмасы негизинен эпитафиялык балбал таштарда сакталып келет. Руна сымал кыргыз жазмасынын эстеликтери негизинен Энесай чөлкөмүндө (Хакас-Минусин ойдуңу, Тува, тоолуу Алтай, Краснояр крайы), Таласта, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. 38 тамгадан турган алфавит ошол мезгилдеги кыргыз тилинин керектөөлөрүн канааттандырган.

Атактуу түркологдор В. В.Радлов, В. Томсен, С.Е.Малов, тарыхчы С.В.Киселев жана башкалар бул руна сымал жазуулар кыргыздарга таандык экендигин эбак далилдешкен. Энесайдагы жазуулар Орхон руна сымал жазууларынан кээ бир грамматикалык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Енисейдеги жазуу системасы Орхон руна сымал жазууга салыштырмалуу эрте пайда болуп, Кыргыз мамлекетинин иш кагаз, дипломатиялык жана башка керектөөлөрүндө пайдаланылган.

Энесай, Талас, Кочкор жазуулары жалпы бир чөйрөдө калыптанып өнүккөн. Бул жазуу эл аралык дипломатияда да колдонулгандыгын кытай жыл баяндары тастыктайт. Мусулман булактары да кыргыздарда (Абу Дулаф, 10-кылымда) өз жазуусу болгондугун кабарлайт.

Болжолу, кыргыздардын Энесай руна сымал жазма маданиятынын эң соңку колдонулушу 12-кылымга таандык.

Орус булактары енисейлик кыргыздардын жазуусу болгондугун 17-кылымдан тартып кыйыр кабарлашкан. Руна сымал жазуусун кыргыздар өздөрү ойлоп таап, өнүктүрүшкөндүгүн ташка чегилген жазуулардагы маалыматтар, адам аттары, өзгөчө эн тамга белгилери далилдей алат. Акыркы иликтөөлөрдө кыргыз уруулук эн тамга белгилери менен жазма эстеликтердеги эн тамгалардын жалпылыктары аныкталды.

Кыргыздын уйгур жазмасы түзөтүү

Башка чыгыш түрк калктарындай эле, кыргыздардын бир бөлүгү 9-14-кк. "уйгур" жазмасы деген жазманы да колдонушкан.

Монгол жазмасын ойлоп тапкан инсан да аны уйгур жазмасына негизденип чыгарган (13-кылым).

Кыргыздын араб жазмасы түзөтүү

Кыргыздардын Теңир-Тоодогу бөлүгү 10-кылымдан тартып араб жазмасын өздөштүргөн.

Энесайдагы Кыргыз каганаты болсо 7-12-кылымдарда руна сымал орхон-энесай жазмасынын кыргыз түрүн колдонгон.

Кыргыздар араб жазмасында ар кыл чыгармаларын жарыялагандыгы белгилүү (Эшеенаалы Арабаевдин, Молдо Кылыч Шамыркан уулунун, Осмонаалы Сыдыковдун, ж.б. калеминен жаралган китептер падышалык Орусияда 1917-жылкы Феврал ыңкылабына чейин эле жарык көрүшкөн.

1924-жылы кыргыздын туңгуч гезити “Эркин Тоо” да араб жазмасында кыргызча (1924-1928-жж.) жарыяланган.

Кытайлык кыргыздар азыркыга чейин араб жазмасын жигердүү колдонуп келишет.

Кыргыздын латын жазмасы түзөтүү

1928-жылдан тартып кыргыздардын СССРдеги бөлүгү латын арибинде жаза баштаган.

1940-жылы сталиндик режим бул жазмага чекит койгон.

Бирок азыр да Европада жана Түркияда байырлаган кыргыздар латын жазмасын колдонуп келишет.

Кыргыздын кирил жазмасы түзөтүү

СССРдеги кыргыздар 1940–41 жылдары кирил жазмасына (кириллица) негизделген жазмага өтүшкөн.

Бул жазманы реформалап, андагы кыргыз тилине таандык болбогон тыбыштардын тамгаларын жоюу талабы айтылып келет.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргызстан: Улуттук энциклопедия. 1-том. А – Базаркоргон / Башкы редактору академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 688 бет, сүрөттөр. - ISBN 9967-14-046-1. – 459-бет (“Араб жазуусу”).
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – ISBN 5-89750-028-2. – 101-бет (“Кыргыз жазмасы”).
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. / Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети. Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов. Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж.Жуманалиев. - Бишкек, 2003.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү