Кыргыз жазуусу - Борбордук Азияда жана Саян-Алтайдагы эң байыркы жазма маданияты. Бул жазуу маданияты рун сымал жазуулар деп аталып жүрөт. Изилдөөчүлөр бул жазууну 5-к. тартып, 18-к. баш чендериндеги Энесайдагы Кыргыз мамлекети кулаганга чейин колдонулгандыгын белгилешет. Кыргыз жазуулары негизинен эпитафиялык таш эстеликтерде, шынаа сымал тактайчаларда идиш-аяк жана башка буюмдарда сакталып келет. Кыргыз жазууларынын таралган ареалы өтө кенен аймакты (Хакасия, Тува, Тоолуу Алтай, Краснояр крайы, Монголия, Талас, Кочкор) кучагына камтыйт. Бул Кыргыз мамлекетинин жана маданиятынын таралган алкагы менен толук дал келет. Аталган жазуу маданияты болжол менен кыргыздардын негизги бөлүгүнүн Хакас-Минусин, Тува ойдуңуна журт которуусунан соң өнүккөн. 38 тамгадан турган алфавит жана иштелип чыккан жазуу системасы эрте, өнүккөн, соңку доорлордогу кыргыз тилинин, Кыргыз каганатынын мамлекеттик расмий иш-кагаздарын жүргүзүүнүн керектөөлөрүн толук канааттандырган. Байыркы кыргыз тилиндеги кыргыз жазуусунун өнүгүүсү басаңдай баштаган. Ал 18-к. баш чендерине чейин энесайлык кыргыздар колдонушкандыгын орус булактары кыйыр кабарлайт. Ал эми батышта, тагыраак айтканда, алатоолук кыргыздар бул мезгилде араб арибин пайдаланып калышкан. Унутулуп калган сырдуу кыргыз жазуусу жана аны чечмелеп окуп чыгуу шыбагасы европалык атактуу окумуштуулар В.В.Радлов жана В.Томсендердин энчисине туура келген. Эки кылымдан ашуун ориенталистерди кызыктырып келген бул жазуу системасынын келип чыгышы, анын кайсыл элге, маданиятка таандык экендигине илимий негиздүү аныктама берилген. Дүйнөлүк илимде аты бар окумуштуулар В.В.Радлов жана В.Томсен бул жазуу кыргыздарга таандык деп далилдеп чыгышты.

Андан соң атактуу түрколог С.Е.Малов, тарыхчы, кыргызтаануучу С.В.Киселев бул аныктамалардын тууралыгын дагы бир ирет илимий далилдешти. Соңку мезгилдерде кыргыз тарыхчылары бул илимий негиздүү багытты өнүктүрүүдө өз салымдарын кошуп жатышат. Энесай чөлкөмүндөгү жазуулар Орхондогу рун сымал жазуулардан кээ бир грамматикалык жана башка өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Ошону менен бирге, кыргыз жазуусу Орхондогу түрк жазуу системасынан бир канча эрте пайда болгондугу илимде эбактан белгилүү. Энесайдагы, Таластагы, Кочкордогу жазуу системасы негизи бир кыртышта өнүккөн. Элдик тилдин жана мамлекеттин керектөөлөрүн толук канааттандырган кыргыз жазуусу эл аралык дипломатиялык алакаларда да колдонулгандыгын кытай жыл баяндары эскерет. Өзгөчө Кытайдын Тан династиясы (618-906-жж) менен Кыргыз каганатынын ортолугунда өтө тыгыз дипломатиялык алакалар жүргөндүгүн жазма булактар чагылдырат (караңыз: Кытай императорлорунун кыргыз кагандарына жазган каттары. 3 -2003). Мусулман булактары да (Абу Дулаф, 10-к.) кыргыздарда өз жазуусу болгондугун кабарлайт. Илимде руна сымал деген ат менен кирип калган бул жазуу системасын, алфавитин кыргыздар өздөрү ойлоп таап, өнүктүрүшкөндүгүн ташка чегилген жазуулар- дагы маалыматтар, адам аттары, өзгөчө эн тамга белгилери далил- дей алат. Соңку мезгилдеги жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө кыргыз эн тамгалары менен кыргыз жазуусундагы алфавиттердеги этногенетикалык жалпылыктар аныкталды. Кыргыздар бул жазуу системасын иштеп чыгууда уруулук эн тамга белгилерин колдонушкан. Бул ачылыш мурдагы илимдеги рун сымал жазуулар арамей, андан соң согду жазууларынын негизинде калыптанган деген көз карашты четке кагат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү