Кыргыз жаңы жылкысы
Кыргыз жаңы жылкысы — Кыргызстандагы жергиликтүү кыргыз жылкысы менен дон жана талаа асыл тукум минги жылкысын аргындаштыруудан чыгарылган порода. 1954-жылы порода катары бекитилген. Асыл тукум иши Кыргызстандын кескин континенттик климатына жана бийик тоо шартында пайдалануу үчүн тулку бою келишимдүү, чымыр жылкы чыгарууга багытталган. Жаңы породаны чыгарууга И. Н. Чашкин, Ф. А. Приходько, Ч. Кудайбергенов, С. Д. Панченко, А. Дөөлөтбаков ж. б. катышкан. Жаңы порода үч типке бөлүнөт: биринчиси — негизги (мүнөздүү), экинчиси — келбеттүү (сөөктүү) жана минги жылкы. Бул типтеги жылкылар дене түзүлүшү, чоңдугу, табияты, жумушка чыдамкайлыгы менен жергиликтүү шартка байыр алышы жагынан бири биринен көп айырмаланат. Бээлеринин орточо өлчөмү: боюнун бийиктиги 150,8, көкүрөк курчамы 179,6, бутунун жоондугу 18,7 см, тирүүлөй салмагы 447,0 кг. Ар 100 тубар бээден 65—85 кулун алынат. Күлүктүгү: 1200 м аралыкты 1 мин 18,7 сек, 1600 м —1 мин 46 сек, 2400 м — 2 мин 45 сек. чуркап өтөт. Кулун-тайы күнүнө 800—1000 г салмак кошот. Бээси саан мезгилинде (5 ай) 2200 кг сүт берет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9