Кыргыз жылкысы — кыргыздын жергиликтүү жылкысы; байыркы жылкынын бири. Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстанда да асыралат. Тоолуу жерде жыл бою үйүрлөштүрүп багуу шартында алынган. Борбордук Азиянын түштүгүндөгү жылкы менен аргындаштырылган. Азыркы кыргыз жылкысы тукур, чымыр, мойну кыска, соорусу жазы, өңү көбүнчө тору же жээрде. Кыргыз жылкысынын орточо өлчөмү: өркөчүнүн бийиктиги 136,0—140,3 см; тулку боюнун узундугу 141,2—142,8, көкүрөк курчамы 165,2—169,6, бутунун жоондугу 17,8—18,4 см. Бул жылкынын ирилери Ысык-Көл, Чүй, Талас жана Фергана өрөөндөрүндө таралган. Кичинелери Тянь-Шань, Памир, Алай жана Алтайдын тоолуу райондорунда кездешет. Кыргыз жылкысы кеч (7—8 жылда) жетилет, багууну анча талап кылбайт, жыл бою жайытта багылат, кышкы суукка байымдуу, карды тээп оттойт. Ал көбүнчө миңги жана көлүк катарында колдонулат. Бээси төлчүл (100 бээден 80—85 кулун), сүттүү (суткасына орточо 13 л). Ал кыргыз жаңы жылкысын чыгарууда пайдаланылган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү