Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети КМКТАУнун тарыхы 1954-ж. 24–августта Фрунзе политехникалык институтунун негизделишинен башталат. 1992-ж. 4–майда Бишкек политехникалык институтунун архитектура­курулуш факультетинин базасында Кыргыз архитектура-курулуш институту түзүлүп, ал 1998-ж. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети болуп уюштурулду. Университеттин курамында 4 колледж, 2 лицей бар. Университетте 46 тармак боюнча эмгектенген адистер иштейт жана 11 миңге жакын студент окуйт. Азыркы учурда университетте 403 окутуучу, анын ичинде докторлору жана профессорлору, 144 илимдин кандидаттары эмгектенет. Окуу жайды техникалык илимдердин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги Жумабек Тентиевич Тентиев жетектейт. Университет өз алдынча жогорку окуу жайы катары бөлүнүп чыккан күндөн баштап өлкөбүздөгү билим берүү тармагында реформалардын нугунда өнүгүп келе жатат. Университеттин коллективи билим берүү мейкиндигинде интеграция жолунда окутуу менен КМШ өлкөлөрүндөгү архитектура-курулуш боюнча жогорку окуу жайларынын арасында айрым параметрлери боюнча орчундуу орунду ээлейт. Университеттин бирдиктүү чыгармачыл коллективи Фрунзе политехникалык институтунун, Бишкек архитектура-курулуш колледжинин, Бишкектеги К. Көлбаев атындагы автомобиль-жол колледжинин, С. А. Чуйков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайларынын салтка айланган иштерин чыгармачылык менен улантууда. КМКТАУда улуттук архитектура жана дизайн мектеби, 7 институт, кыргыз-араб факультети иштейт. Улуттук архитектура жана дизайн мектеби 1965-ж. архитектура кафедрасында архитектура адистигине биринчилерден болуп 25 адам кабыл алынган. Бул кафедранын базасында 1970-ж. архитектура факультети, ал эми 2001-ж. улуттук архитектура жана дизайн мектеби (институту) түзүлгөн. Бул институтта чыгыш архитектурасы, шаар куруу, ландшафттык архитектура жана дизайн, архитектуралык чөйрөнүн дизайны, реставрация, текстиль жана жеңил өнөр жай буюмдарын көркөм долборлоо, көркөм кол өнөрчүлүк, сүрөт, живопись жана скульпторлук, көркөм искусствонун теориясы жана тарых, сызма геометрия жана курулуш графикасы, Архитектоника кафедралары иштейт. Улуттук архитектура жана дизайн мектеби, архитектура, архитектуралык чөйрөнүн дизайны, архитектуралык мурастардын реставрациясы жана реконструкциясы, костюмду көркөм долборлоо, көркөм кол өнөрчүлүк жана элдик өнөр, живопись, сүрөт искусствосунун теориясы жана тарыхы адистиктери боюнча адистерди даярдайт. КМШдагы 56 архитектуралык институттар менен факультеттердин ичинен Кыргыз архитектура мектеби Москва мамлекеттик архитектура академиясынан кийинки мыкты деп эсептелинген бешөөнүн бири болуп саналат. Архитектуралык чөйрөнүн дизайнын өз кесиби кылып алгысы келген жаштар үчүн эң кызыктуу чөйрөлөр: ички жасалга (интерьер) дизайны, шаар мейкиндигинин дизайны, ландшафттык дизайн бар жана ошондой эле жасалга-колдонмо көркөм искусствосу менен элдик өнөргө байланыштуу жаңы бөлүмдөр ачылган. Алар керамика боюнча сүрөтчү, айнек боюнча сүрөтчү, кездемелер боюнча сүрөтчү, буюмдарды көркөм долбоорлоо жана кийимдерди моделдештирүү сүрөтчүлөрүн даярдайт. Акыркы жылдары институттун башка архитектуралык жана дизайнердик илимий-изилдөө борбору менен болгон эл аралык байланыштары өсүүдө. Кыргыз архитектуралык мектебинин, архитектуралык мектептердин EAAE, ACSA ассоциацияларынын эл аралык уюмдарына КМКТАУ мүчө болуп кирген. Бул мезгилде Кыргыз архитектура факультети жыл сайын өтүүчү архитектуралык мектептердин педагогдор Ассоциациясынын эл аралык кароо-конкурсуна дипломдук иштер боюнча 30 жылдан бери катышып (1971-ж-дан баштап), «Гран-при» сыйлыгынын, 1–даражадагы 49 дипломду жана I, III даражадагы 14 дипломду жеңип алды. КМКТАУ-КМШдагы 180 архитектура-курулуш жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын тең укуктуу мүчөсү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү