Кыргыз мөңгүлөрүКыргызстандын жаратылыш комплекстеринин маанилүүлөрүнүн бири. Рельефтин байыртадан берки калыптануу тарыхында жана азыркы кездеги жүрүп жаткан ар кандай жаратылыш процесстеринде мөңгүлөрдүн мааниси зор. Экинчиден, мөнгүлөр агын суулардын куралуу булактарынын бири. Республиканын климаттык шартында жайында күчөп эриген мөңгүлөр тоо этегиндеги сугатка муктаж болгон айыл-чарба талааларын суу менен жетишээрлик камсыз кылат. Кыргызстандын аймагында аянты 0,1 км2 ден жогору болгон 6516 мөңгү катталган. Алардын ээлеп турган аянты 8047,8 км2, башкача айтканда республиканын жалпы аянтынын 4%ин ээлейт. Эгерде бардык мөнгүлөрдү эсептесек, алардын саны 7638ге жетет жана аянты 8107,7 км2 ге барат.

Кыргыз мөңгүлөрү.

Дагы караңыз түзөтүү