«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы — жүргүнчү жана жүк ташуучу техникалык каражаттары жана курулмалары бар (кыймылдуу состав, бекет, автоматика жана телемех. түзүлүштөрү, диспетчердик борборлоштуруу ж. б.) комплекстүү мамлекеттик ишкана. Мурда Кыргызстандагы темир жол (1992-жылга чейин) Алматы темир жолунун башкармалыгынын Фрунзе филиалы болгон. Бул филиал 1992-жылы Кыргыз темир жолу башкармалыгы болуп уюшулуп, анын базасында 2005-жылы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы түзүлгөн. Кыргызстанда алгачкы темир жол каттамы (Луговой — Пишпек) 1924-жылы ишке кирген. Андан кийин бара-бара калган каттамдар (Кувасай — Кызыл-Кыя, Жалал-Абад — Көк-Жаңгак, Фрунзе — Кант, Кант — Токмок ж. б.) курулган. Компаниянын темир жол тармагы — түндүк жана Түштүк болуп бөлүнүп, ага тиешелүү темир жолдун узундугу 423,9 км, (анын ичинен 60,3 кми Казакстандын аймагында, 101,2 кми Түштүк Кыргызстанда, калганы түндүктө. «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын курамына 10 структуралык бөлүк кирет. 2011-жылы компания 5879 миң тонна жүк, 596,9 миң жүргүнчүнү ташыган. Компаниянын кирешеси 2011-жылы 2449,5 млндон 3179,5 млн сомго чейин өскөн, башкача айтканда 703 млн сом таза киреше алган. Ишкана жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуу үчүн учурдун талабына ылайык темир жол вагондорун заманбап модернизациялоодо. Компанияда 6,5 миң адам эмгектенет (2012). Компания Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан, Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече — Арпа ж. б. темир жолун курууну, ошондой эле Луговой — Аламүдүн темир жолун электрлештирүүнү, Луговой — Бишкек — Балыкчы участкасын (347 км) жогорку ылдамдыкка өткөрүүнү, жыгач шпалдарын темир-бетон шпалдарына алмаштырууну пландаштырууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү