Кыргыз тили жана адабияты журналы

Кыргыз тили жана адабияты журналы - алгач Ысык-Көл мамлекеттик К.Тыныстанов атындагы университетте уюшулуп, 2000-жылдын сентябрынан бери чыгып келе жатат.

Бул журналдын чыгышы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 60 жылдык мааракеси менен түздөн-түз байланышкан жана өлкөнүн тунгуч Президенти Аскар Акаевичтин катышуусу менен өткөн салтанатта 1-номуру элге таркатылган. Журналды уюштурган жана анын биринчи башкы редактору Университеттин 1-Проректору профессор С.Ж.Мусаев болгон.

2003-жылдан тартып журнал К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети менен К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин биримдикте чыгарып келе жаткан илимий, илимий-методикалык басылмасы катары катталган. 2005-жылга чейин эки Университет тарабынан чыгып келе жаткан журналдын башкы редактору БГУнун ошол кездеги ректору профессор С.Ж.Мусаев болгон.

Журнал негизги теориялык, окуу-методикалык максатты ишке ашырууну көздөйт. Республикадагы лингвист-филологдорду, адабиятчыларды, илимпоздорду бир максатка карата топтоп, кыргыз тил илиминин, адабияттын теориялык жана практикалык маселелерин чагылдырган илимий маанилүү басылма болуп саналат. Мында илимий жана теориялык маселелер менен бирге эле окутуунун методикасын, мамлекеттик тилдин маселелерин изилдөө боюнча иштер да камтылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4