Кыргыз тоогу — леггорн, плимутрок, ньюгемпшир тоокторун аргындаштыруудан алынган породалык топ. Кыргызстан мал чарба жана ветеринардык Илим изилдөө институтунун тажрыйба чарбасында чыгарылган. Корозунун тирүүлөй салмагы 3,5—4,0 кг, мекияндарыныкы 2,5—2,6 кг. Мекияндары жылына орто эсеп менен 160 жумуртка тууйт. Жумурткасынын салмагы 57—58,5 г. Кыргызстандын шартында тез жетилүүчү, эттүү, жумурткачыл породаны түзүү үчүн асыл тукум иши жүргүзүлүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү