Кыргыз улуттук аскер лицейи
Советтер Союзунун Баатыры Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — атайын аскер окуу жайы. 1983-жылы ачылган Кыргызстан КПнин 60 жылдыгы атындагы Республикалык адистештирилген жатак-мектептин базасында 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейи катары уюшулган. 2006-жылдан Кыргыз улуттук аскер лицейи деп аталат. 2005-жылдын 30-апрелинде окуу жайга Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Д. Асановдун ысмы ыйгарылган. Учурда лицейдин айрым бүтүрүүчүлөрү Россия, Түркия, Германия, Индия, Казакстан, АКШ, Азербайжан ж. б. өлкөлөрдүн аскердик окуу жайларынан кесиптик билим алышууда. Окуу жайдын начальниктери: контр-адмирал М. С. Темиров (1983—84), генерал-майор Д. А. Асанов (1984—94), полковник С. С. Асивеев (1994—2006), полковник М. М. Жумагулов (2006—07), полковник С. А. Койтокуров (2007—08), полковник А. К. Талдыбаев (2008-жылдан).
Булактар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9